Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:48

Ош калкынын нааразылыгы басылбай жатат


ОШ. Президент Акаевди бийликтен кетирүү боюнча түзүлгөн Элдик кыймылдын элүүдөн ашуун мүчөлөрү чогулушту. Алар өлкөдөгү коомдук саясий кырдаалга баа берүү менен убактылуу өкмөттүн бир катар чечимдерин талкууга алышты. Алар Акаевдин командасында иштеп жүргөн айрым мамлекеттик жетекчилердин дагы эле убактылуу өкмөттүн курамында иштеп жатканына каршы чыгышты. Элдик кыймылдын көпчүлүк өкүлдөрү коррупцияланган командада жүргөн адамдардын жаңы бийликте иштегенге моралдык укугу жок дешип, жаңы бийлик курамын коррупциялашкан мамлекеттик жетекчилерден тазалоо талаптарын коюшту. Элдик кыймылдын лидерлеринин бири Бермет Жакыпованын айтымында, эски бийликте иштеген мамлекеттик жетекчилерди жаңы өкмөттө иштетүү боюнча убактылуу өкмөттүн чечими башкаруу түзүлүшүнүн маңызын өзгөртүүгө болгон элдин эркине каршы келет. Ал эми «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын аймактык координатору Руслан Ташанов жаңы бийликтин башкаруу курамы элдин кызыкчылыгын эске алуу менен убактылуу өкмөттүн өз алдынча саясатынын негизинде түзүлүшү керек экендигин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG