Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Ассоцация уткандан, уттурганыбыз көп болду дейт


БИШКЕК. 29-мартта Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясы «Эч ким уткан жок, баарыбыз уттурдук» деген билдирүү таратты. Анда Кыргызстандагы ыңкылаптан кийин азыркы бийликке каршы турган бир дагы саясий күч калган жок деп айтылып, саясий партияларды, эң ириде «Алга, Кыргызстан» партиясын учурдагы саясий кырдаалга карата өз мамилесин билдирип, активдүү көз карашта болууга чакырды. Андан тышкары кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевдин тилектештерин куугунтуктоого жол бербөөгө чакырып, өлкөдөгү массалык маалымат каражаттары бир жактуу маалымат таратып жатат деп билдирди. Ассоциация билдирүүсүндө революция мамлекеттик башкарууга кылмыш дүйнөсү менен экстремисттик күчтөрдүн өкүлдөрүнүн келишине шарт түзөөрүн белгиледи.

XS
SM
MD
LG