Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Талап-тоноочулар жазаланат


БИШКЕК. 24-25-март күндөрү Бишкектеги талап-тоноолор боюнча 90 кылмыш иши ачылып, 784 миң сомдук товар кайтарылды. Андан тышкары кароосуз калган 20 миң сомго жакын товар алынып, 50 миң сомдук буюм-кечени атуулдар өз ыктыяры менен кайтарып беришти. Талап-тоноого катышкан 50 адамдын 32си камакка алынды. Мындай кабар 29-мартта Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан алынды. Ички иштер министрлиги талап-тонолгон буюмдарды өз ыктыяры менен алып келип берүүгө элди чакырды. Ал эми азыр көчөдөгү коопсуздукту сактоо үчүн элдик кошундардын 2 миң 55 мүчөсү жана 3547 милиционер көз салууда.

XS
SM
MD
LG