Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

Кыргызстандын парламенти өлкө президентин шайлоону 26-июнга белгиледи. Бийлик алмашуудан улам чукул дайындалган президенттик шайлоого кимдер катышат? Кайсы саясатчы алдыга чыгышы мүмкүн? Алардын артында кандай саясий күчтөр бар? Ушул өңдүү маселелер өлкөдө кырдаал жумшарганы айрыкча саясий чөйрөнүн көңүлүн бурган бышык.

Кыргызстандын Конституциясы боюнча президенттик шайлоо октябрь айында щтмөк. Бирок мамлекетти башкарып келген Аскар Акаевдин Кыргызстандан 24-марттагы эл көтөрүлүшү учурунда чыгып кетиши президенттик шайлоону чукул чакырууну шарттаган башкы себептердин бири болду. Акаевдин тарапкерлери болсо ал кызматын өткөрүп бермейинче, президенттик шайлоо мыйзамдуу болбойт деп эсептешүүдө.

Ал эми башмыйзамга таянган убактылуу өкмөттүн башчысы Курманбек Бакиев маалымат жыйынында билдиргенине караганда, азыркы шартта кызматтан четтетилген президенттин арыз берген-бербегендиги президенттик шайлоого таасир эте албайт:

- Президент арызын берип, кеткен-кетпегени буга эч кандай таасир эте албайт.

Премьер-министр Курманбек Бакиев бул шайлоого биринчи талапкер болуп катышары күтүлүүдө. Мындай оюн өзү да мамлекет жетекчисинин милдетин аткаруучу катары берген алгачкы жыйынында билдирди:

- 26-июндагы президенттик шайлоого катышуу боюнча. Катышыш керек деп ойлойм. Кудай кааласа катышабыз.

Мындай ою барын Бакиев оппозицияга кеткен учурдан бери эле айтып келатат. Ошондуктан, коомчулук анын акыркы билдирүүсүн кадыресе кабыл алды. Президенттик шайлоого барарын Бакиевден кийин жарыялаган Темирбек Акматалиев болду:

- Элдин астында мен убада бердим: сөзсүз түрдө президенттикке өзүмдүн талапкердигимди көрсөтөм деп.

Акматалиев мындай чечимди жаңы түзүлгөн «Акыйкат» саясий кыймылынын суранычы боюнча кабыл алганын айтты. Аскар Акаевдин жакын санаалаштарынын бири саналган Темирбек Акматалиевди оппозиция Аксы окуясынын күнөөкөрлөрүнүн бири катары сынга алып келет. Ошондуктан, айрым байкоочулар Аксы окуясын атаандаштары Акматалиевге каршы пайдаланышы ыктымал дешет.

Буга чейин президенттик шайлоого барарын жарыялап келген Алмаз Атамбаев, Муратбек Иманалиев өндүү саясатчылар азыркы жагдайда өз ойлорун айтыша элек. Айрым байкоочулар булардан тышкары Өмүрбек Текебаев, Мелис Эшимканов, Роза Отунбаева, Равшан Жээнбеков өңдүү саясатчылар да президенттике ат салышышы ыктымал деп болжошот.

Бирок саясий чөйрөдө талапкерлер канчалык көп болгону менен президенттик шайлоодо эки салмактуу саясатчы гана теңата ат салышышы ыктымал экендиги белгиленүүдө. Алар – Бакиев менен Кулов. Бирок түрмөдөн жаңы бошотулган Феликс Кулов болсо азыр шайлоого катышар-катышпасын өзүн колдогон жана колдобогон күчтөрдү тең салмактап туруп, анан чечерин акыркы күндөрү бир нече ирет кайталады:

- Мен бул суроого кечирээк жооп берем, - деди Кулов бир күн мурун журналисттерге.

Айрым көз караштарда Куловго байланышкан кылмыш ишти сот кечкен күндө да анын мамлекеттик тилди эркин сүйлөй албагандыгы анын президенттик шайлоого катышуусуна тоскоолдук кылышы ыктымал. Ошондой болсо да Куловдун саясий салмагы күчтүү деп эсептегендер анын шайлоого барарына көбүрөөк ынанып турушат:

- Негизи шайлоо талашы эки гана кишинин ортосунда өтөт. Бул Бакиев менен Кулов, - дейт көз карандысыз байкоочу Токтогул Какчекеев.

Анын пикиринде, бул эки саясатчы тең кадыры элге башкалардан көбүрөөк өтүп, мээнетти көбүрөөк тарткандар. Ал эми өлкөдөгү таасирдүү саясатчылардын бири Кубатбек Байболов президенттикке барбайт. Мындай пикирин билдирген депутаттын божомолунда президенттик үчүн ат салышуу азыр ойлогондон алда канча татаал болот, бул жеке эле Бакиев менен Куловдун айланасында болот дегенди билдирбейт.

Кубатбек Байболовдун мындай божомолу эгемендик кезинде пайда болгон жаш ишкерлердин президенттикке жаңы көз караштагы талапкерди сүрөө дымагы бар экен деген жоромолду да кыйытып тургансыйт.

Бул аралыкта саясатчылардын бири Адахан Мадумаров Курманбек Бакиев сунуштаган вице-премьер-министрлик орундан баш тартты. Муну президенттикке талапкер болуу тилеги менен негиздеди. Мурдагы парламенттин депутаты Мадумаров жаңы парламенттик шайлоого Куршаб шайлоо округу боюнча катышып, бирок жеңишке жеткен эмес. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон 20 миң чамалаш шайлоочу дароо көчөгө чыккан. Борбордук шайлоо комиссиясы азыр Куршабды талаштуу округ катары эсептөөдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG