Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

АСКАР АКАЕВ ӨЗҮН ЖАПАДАН ЖАЛГЫЗ ЛЕГИТИМДҮҮ ПРЕЗИДЕНТ ДЕП ЭСЕПТЕЙТ


29-мартта Кыргызстандын кызматтан четтетилген, бирок өзүн легитимдүү президентмин деп эсептеген Аскар Акаев Орусиядагы «Эхо Москвы» үналгысынан сүйлөдү. Бул - анын ыңкылаптан бери биринчи ирет элге чыгышы болду.

Ал дароо эле оппозиция башынан эле бийликти басып алууну пландаган болчу деп ырастап, оппозиция сүйлөшүү жүргүзүүнү эч убакта каалаган эмес деп билдирди. Ал ошондой эле отставкага октябрга чейин кетпей тургандыгын, бирок Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен сүйлөшүү жүргүзүүгө ниети бар экендигин билдирди.

Акаев мындан тышкары өзү Кыргызстандын эл тарабынан шайланган мыйзамдуу президенти экендигин эскертти.

Акыркы окуялар тууралуу ал «24-мартта, Ак үйдө иш ордумда болчумун, министрлер менен чогулуп, оппозиция менен сүйлөшүүгө даярданып жаткан элек, бирок Ак үйгө чабуул башталаардан жарым саат мурда коопсуздук кызматы менин кетишимди талап кылды» деп ырастады.

Кызматтан четтетилген президенттин айтымында, ал тапта анын кызы Бермет менен уулу Айдар парламенттин имаратында, ал эми жубайы Майрам Акаева неберелери менен шаардын сыртындагы дачада болушкан.

Акыркы ирет мен ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаевге кандай да болбосун курал колдонбогула деген тапшырма бергем, бул менин акыркы буйругум болуп калды деп айтты. Анын пикиринде Бишкекте болгон окуяны алдын алып калбаганы үчүн өзүн күнөөлүүмүн деп сезет.

Акаев Орто Азиядагы башка президенттерге демократия бизде жаңыдан торолуп келатат, аны коргоо үчүн керек болсо күч колдонуу зарыл деген кеңешин айтты.

Анын маалыматы боюнча ал Маскөөнүн чет-жакасында жашапп жатат, бирок кайсы жер экендигин тактаган жок. Аскар Акаевдин айтымында, мурдагы премьер-министр Николай Танаев азыр Кыргызстанда.

Акаев ошондой эле Кыргызстанга тартип орногондон кийин сөзсүз кайтып келээрин билдирди: «Кыргызстан менин ата-журтум, конституциялык тартип орногондон кийин, мага жана үй-бүлөмө коопсуздук кепилдиги камсыздалгандан соң сөзсүз кайтып келем» деди ал.

Аскар Акаев "ким менен сүйлөшүүгө даярсыз?" деген суроого «Кыргызстанда бүгүн жалгыз мыйзамдуу бийлик – бул жаны шайланган парламент» деп анын спикери Өмүрбек Текебаев менен сүйлөшүүгө даяр экендигин кыйытты. Аскар Акаев ошондой эле буга чейин «Кабар» агенттиги аркылуу таркатылган эки кайрылууну өзү жазганын бышыктады.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргзыстандын кулатылган президенти өзүн өлкөнүн эл шайлаган мыйзамдуу мамлекет башчысымын деп эсептейт.

Ал өлкөдө мыйзамдуулук калыбына келгенден кийин кайтып келип, жаңы шайланган парламент менен сүйлөшүүгө даяр. Анын отставкага кетээри беймаалым.

Ал кызы Бермет менен уулу Айдардын парламентке келгенин мыйзамченемдүү көрүнүш деп баалады.

Ошону менен, 5 күндөн бери дайыны чыкпай келген Аскар Акаев ачыкка чыкты. Ал 40 мүнөт бою «Эхо Москвы» үналгысынын журналисттеринин жана электрондук почта аркылуу келген суроолорго жооп берди.

Жаңыл ЖУСУБЖАН, Прага,
Кубат ОТОРБАЕВ, Бишкек

XS
SM
MD
LG