Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Адахан Мадумаров президенттикке талапкерлигин коёт


Бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында Адахан Мадумаров 26-июндагы президенттик шайлоого катыша турганын билдирди. Анын айтымында ал 2000-жылы эле президенттикке атсалышмак. Бирок анда шайлоонун таза өтөөрүнө ишеним жок болчу, азыр болсо андай мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Курманбек Бакиев Адахан Мадумаровго вице-премьер-министр, эмгек жана социалдык жактан коргоо министринин кызматын сунуштаган. Бирок бир күнгө жетип-жетпей иштеген Мадумаров бул кызматтан баш тартты. Ал мындай кадамын жаңы бийликтин кадр саясаты менен макул эместиги менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG