Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

КЫЗМАТЫНАН ЧЕТТЕТИЛГЕН ПРЕЗИДЕНТ АКАЕВ ТУУРАЛУУ ОРУСИЯДАН КӨЗ КАРАШ


Муса Мураталиев, Москва Орусияда чыгуучу үналгы, сыналгыдан Кыргызстандын кызматынан четтетилген президенти Аскар Акаев шаршембиде сүйлөдү. Ал интервьюга катышкан «Советская Россия» гезитинин баш редакторунун орун басары, Акаевдердин үй-бүлөсүн жакшы билген журналист Ядвига Юфирова менен маектештик.

- Юдвига Брониславовна, шаршембиде “Эхо Москвы” аркылуу кызматтан четтетилген президент Акаев менен баардашууга сиз да катыштыңыз. Ал тургай сиз аркылуу биринчи жолу Акаевдердин бүлөсү менен байланыш болгонун айтышты.

- Мен алардын үй-бүлөсү менен эзелтен таанышмын. Ошон үчүн байланышуу мен үчүн кыйын эмес эле. Шартту түрдө айтканда алар менен мен окумуштуу жана Орусия менен мээримдүүлүк маселеде алакасы бар кишилер катары таанышмын. Алар бул жакка келип, илимий, чыгармачылык жаат менен жолугушканда орусиялык тараптан мен да катышып жүрүп таанышкам.

- Сиз Акаевдердикинде болгонуңузда алар бардар турарын байкадыңыз беле? Эл оозунда ал бүлөнүн “Элдик дүкөндөр” аталыштагы соода тармактары, ишканалары, имараттары бар деген кеп бар.

- Бүгүн ал бүлөнүн башына эң кыйын кез келгенин түшүнөм. Элде ага канчалаган таарыныч, доо үйүлүп калганын билем. Албетте, (Кыргызстанда – ММ) ал бүлө тууралуу, сиздер, мага караганда көбүрөөк билесиздер. Бирок менде ал бүлөнүн мүлкү тууралуу факты жок. Ар кандай ыңкылап айланасында чындык катары кабылданчу көптөгөн айың-ушак, божомолдор болот.

- Ошондой болсо да эске “жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт” деген кыргыздын лакабы эске түшөт.

- Мындан ары эмне болбосун мен Аскар Акаев менен Майрам Дүйшеновнага мурдагыдай эле сыйым менен кала берем. Президенттер бири келет, бири кетет. А бу эки инсан дайыма калат. Убакыт кимдин ким экенин акыры орду ордуна коет. Москвага Майрам Дүйшеновна келгенде көп жолу көрдүм. Бишкектен келип консерваторияда окуп аткан студенттерге канча жолу колдоо көргөздү. Москвада билимин арттырып аткан аспиранттарга колдоо көргөзчү. Эгерде Гергиев, Башмет же Спиваков менен байланыш түзүүгө умтулса, ал баарыдан мурда алардын оркестрлерин Бишкекке алып баруу үчүн жасалчу. Консерваториянын чоң залынын эшик тосчусу мага биздин кызматчылар кирчү эшик аркылуу эки киши абдан көп өтөт. Алардын бири мурдагы Конституциялык соттун төрагасы Марат Баглай, экинчиси – Майрам Акаева деген.

- Аскар Акаевдин айыбы эмнеде деп ойлойсуз?

- Балким, президенттин эң башкы күнөөсү - Ельцин сыяктуу, ал да ордун басчу кишини таап, элдин көзүнчө “Кыргызстанды сакта!” деп кызматынан өзү түшүп бербеши болду. Эми аны кыргыз эли өзү жасайт. Борис Николаевич Ельцин кантип иштен кеткенин мен көрдүм. Ал кетээрге жакын анын эл алдында баркы болгону 3 гана пайыз болгон. Горбачев кызматтан кеткени да эсимде. Кантсе да булардын баасы аныкталыш үчүн убакыт керек. Мен дагы бир жолу кайталагым келет, мен саясатчы эмесмин. Бул менин жеке пикирим.

XS
SM
MD
LG