Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

ОРУС ЭКОНОМИКАСЫНДАГЫ АБАЛ


Нарын АЙЫП, Прага Март айынын аягында Нью-Йорк шаарында орус экономикасына инвестиция салган америкалык ишкерлердин конференцисы болуп өттү. Ага катышкандардын жалпы пикири боюнча, орус экономикасындагы башаламандыкка карабастан, аны сырттан инвестициялоо дагы эле кирешелүү. Президент Владимир Путин болсо 29-мартта Маскөөдө ишкерлер менен атайын жыйын өткөрүп, өлкөдөгү экономикалык абалды талкуулады.

Путиндин экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Андрей Илларионовдун айтымында, Орусиянын дүң өндүрүшүнүн төрттөн бирин азыр мунай жана газ ишканалары берет, 2004-жылы жетишилген 6,8 пайыз экономикалык өсүштүн 3 пайызы мунайга болгон дүйнөлүк баанын жогору экени камсыз кылган. Мунай жана газ өндүрүшүндө болсо азыр жалпы кызмат кылган калктын эки гана пайызы иштейт.

Анткен менен дал ушу мунай өндүрүшүндөгү кризис орус экономикасына азыр бир топ коркунуч түзүүдө. Ишканалар менен аспаптар эски жана аларды жаңылоо үчүн кошумча инвестициялар керек, бирок "ЮКОС" компаниясынын айланасындагы чатак менен байланыштуу өлкөдөн сыртка алып чыгылып кеткен капиталдын көлөмү акыркы мезгилде кескин көбөйдү - 2003-жылы 1,9 млрд доллар кеткен болсо, 2004-жылы бул көрсөткүч 7,9 миллиард долларга жетти, ал эми сырттан келген инвестициялардын көлөмү 12 пайызга кыскарды. "ФБК" деп аталган аудитордук компаниянын эксперти Игорь Николаевдин айтымында, "ЮКОСтун" иши орус экономикасына бардыгы болуп 20 миллиард доллар зыян тийгизди.

Негизги маселе болсо, дүң өндүрүш 2004-жылы мурда пландалган 9 пайыз өсүшкө жетпей, 6,8 гана пайыз болду, Экономикалык өнүгүү министрлигинин айтымында, быйыл өсүш 5,8 пайыз болот. "Индем" фондунун маалыматы боюнча болсо акыркы жылдарда Орусиядагы коррупция ылдыйлагандын ордуна тескерисинче, өстү. Ишкерлер менен жеке менчик компаниялардын каражатынын 10 пайызы бюрократиялык иштерге жумшалат, ар бир иштеген адамга туура келген паранын көлөмү 400 долларга жетти. Мындай чыгашалардан улам, Орусиянын чакан жана орто ишканалары дүң өндүрүштүн 12 гана пайызын берет, Алманияда болсо бул көрсөткүч 59 пайызга жетет.

Ошондуктан 29-мартта өткөн жыйында Путин экономикадагы атаандаштыкты күчөтүү зарыл деп билдирди жана мындан 10 жыл мурда болгон жеке менчиктештирүүнүн жайынтыктарын тааный турган мыйзам иштеп чыгууну талап кылды. Демек мындан ары Михаил Ходорковский сыяктуу ишкерлер камакка башка алынбайт жана алардын ишканаларын өкмөт тартып албайт. Мындай чечим - "ЮКОС" компаниясын өкмөт Ходорковскийден тартып алгандан кийин эл аралык коомчулук тарабынан көрүлгөн кысымдын жыйынтыгы десе да болот жана эми чет өлкөлүк инвестициялар Орусияга кайра келе баштайт деп күтүү мүмкүн.

Ал тууралуу Нью-Йорктогу конференция учурунда дагы көп айтылды, бирок анын катышуучуларынын пикиринде, орус мыйзамдарына бир топ оңдоо-толуктоо киргизүү керек. "Жонс дэй" деп аталган америкалык компаниянын эксперти Питер Робертстин айтымында, орус мыйзамдарында азыр баш аламандык көп:

- Кээ бир мыйзамдар бир-бирин кайталайт, айрымдары бир-бирине карама-каршы келет. Өкмөт аны билет жана азыр реформа даярдап жатат, ал ишкердиктин 2020-жылга чейинки өнүгүүсүн камтыйт. Бирок азырынча ал реформа канчалык терең жана так болоору белгисиз.

Чет элдик инвестициялардын өсүшүнүн дагы бир шарты - Орусиядагы жумуш күчүнүн арзандыгы. Мисал үчүн Европа Биримдигине жаңы кошулган Мажарстанда бир сааатык кызмат орто эсеп менен 5 евро турса, Орусияда бир саат 88 евроцентке бааланат, ал эми Кытайда бул көрсөткүч 79 гана евроцент.
XS
SM
MD
LG