Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

ОРУСИЯНЫН БИШКЕКТЕГИ ЭЛЧИЛИГИ АЛДЫНДАГЫ ПИКЕТ


30-мартта кызматынан четтетилген президент А.Акаевдин Орусиядагы «Эхо Москвы» үналгысы аркылуу чыгып сүйлөшүнө нааразы болгон адамдар Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына пикетке чыгышты. Алар орус бийлиги кызматын таштай качкан президентке маалымдоо каражаттары аркылуу чыгып сүйлөшүнө мүмкүнчүлүк берилип жатканына нааразы экенин билдиришти.

Президент А.Акаевдин орусиялык маалымдоо каражаттары аркылуу байма-бай чыгып, өзүн дагыле иштеп аткан президент катары билдиргени, ушу тапта иштеп аткан бийлик бутактарынын арасынан жалгыз гана парламентти тааный турганын жарыя кылганы көпчүлүктүн нааразылыгын жаратууда.

Өңгөдөн да 24-марттагы Өкмөт үйүн алууну, жаңжалдын себепкерлери ким экенин жашырып, кырдаал курчуй-курчуй отуруп, кыл учуна жеткенде гана айласыз кетүүгө мажбур болгонун маалымдоосу ыңкылаптан кийин азыраак тынчып калгандарды пикетке алып чыкты. Анын чоо-жайын Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери алдында Эл биримдиги координациялык кеңешинин мүчөсү Гияс Токомбаев мындайча билдирди:

- Сиздерди ким деп тааныштырам.

- Биз элбиз, Кыргызстандын атуулдарыбыз. Кечээ бизден качып кеткен мурдагы президент орусиялык маалымат каражаттары аркылуу чыгып сүйлөп атышынын себебин тактап, өзүбүздүн талапты айталы деп келдик.

Элчилик кызматкери пикетчилердин талабын жетекчилигине жеткиргени кеткен соң чогулгандар А.Акаевдин «Эхо Москвы» үналгысындагы маегин талкуулоого киришти.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги А.Акаев адамгерчилик мыйзамына ылайык гана Москва четинде убактылуу турук алып турганын маалымдаганын Гияс Токомбаев билдирди:

- Эгер ал өзү кайрылса Орусия Федерациясынын Башмыйзамына ылайык ички иштер органдары ага башпаанек берүү маселесин карай тургандыгын айтышты. Азырынча А.Акаев эч кандай саясий башпаанек сурап кайрыла элек. Анын ушу тапта Орусияда жүрүшү адамгерчилик талабына ылайык жүрүүдө. Анын үстүнө үй берип, Орусияда убактылуу жашаганга шарт түзүп беришиптир. Кечээ ал үналгы, сыналгы аркылуу чыгып сүйлөшү негизинен жекече мааниге ээ. Ал маалымдоо каражаттары жеке колго таандык деп айтышты. Бул алардын өз алдынча иши, деп билдиришти.

Пикетчилер Аскар Акаевдин бийликтен куулушунун негизги себеби катары элдин абыдан жакырланып кетишин бирооздон белгилешти. Аны пикеттеги Жаңыл Токтогулова менен Мыктыбек Чукуев өздөрүнүн мисалында айтып беришти.

- А.Акаевге болгон нааразылыктар бийлиги колунда барлар, таанышы барлар мамлекеттик мүлктү өздөрүнө менчиктештире баштагандан башталган. Жакырдануу күчөп, элде ызырынуу күчөгөндө гана нааразылык вулкан сыяктуу атылып чыккан. Мына ушул элди түрткөн,- дейт Жаңыл эмнеликтен пикетке чыгышынын себеп-жөнүн түшүндүрүп.

- Убагы келгенде өкмөт эч кандай жардам берген жок. Мына, жер семирткич - селитранын баасы 10 сомго чыкты. Майдын баасы 20 сом болсо, айдаткан жериң 15 сомдон болсо, алган түшүмүңдү 8 сомдон сатсаң, ал эмне деген шумдук, туурабы? Мунун баары жакырчылыктан болду. Бирөөнүн бийликке келип калайын деген саясий оюн бул жерде жок. Баары жакырчылыктан болду. Жакырчылык ушуну кылды, - деп айтты Мыктыбек Чукуев.

Кызматынан четтетилген президент А.Акаевдин Орусиялык маалымдоо каражаттары аркылуу улам-улам чыгып сүйлөшү башында калк арасында кадыресе жаңырык туудурганы менен, жүрө-жүрө ал деле көнүмүшкө айланып баратат.

XS
SM
MD
LG