Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

ПАРЛАМЕНТ КУЛОВДУ АКТООНУ БАШКЫ ПРОКУРАТУДАН СУРАНДЫ


Феликс Кулов 30-марттан баштап Кыргызстандагы тартип коргоо тармагын координациялоо кызматын ырасмий токтотту. Буга байланышкан токтомду Жогорку Кеңеш ушул эле күнкү отурумунда кабыл алды. Парламент ушул эле күнү башкы прокуратурага жана Жогорку сотко Феликс Куловду актоону суранып кайрылды.

Аскар Акаев башкарган мамлекеттик бийлик кулатылган күнү кечинде дароо Феликс Кулов түрмөдөн бошотулуп, эртеси Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны ага коопсуздук иштерин көзөмөлдөөнү тапшырган. Феликс Кулов 30-мартта Жогорку Кеңешке келип, тартип коргоо тармагын көзөмөлдөөчү катары акыркы жолу депутаттарга маалымат берди:

- Жалпысынан айтканда кырдаал калыбына түшүп калды. Өзгөчө коркунуч жок.

Феликс Куловдун айтымында, тартип коргоо тармактарынын жетекчилери дайындалып, тармактар өз нугу менен иш алып барып жаткан шартта кошумча көзөмөл жасоонун зарылчылыгы жок:

- Азыр бардыгы дайындалды. Мага тиешелүү координаторлук макамдын зарылчылыгы жок болуп калды.

Феликс Куловдун бул билдирүүсүнөн улам парламентте анын сот ишине байланышкан маселе көтөрүлдү. Төрага Өмүрбек Текебаев депутаттарды Куловдун сот ишине байланыштуу токтом кабыл алууга чакырды:

- Биз башкы прокуратурага ушундай кайрылуу жасасак: мыйзам чегинде тездетип, маселеге кайрылсаңыз деп. Андан кийинки пункт: эгер биз координатор деген милдетти алып салсак, Феликс Шаршенбаевич түрмөгө барышы керек болот. Мыйзам боюнча түрмөгө барып отуруш керек. Бул боюнча эч ким чечим кабыл ала элек.

Ушундай билдирүү жасаган Текебаев жаза өтөө мекемелер башкармалыгынан маселени сот чечкенге чейин Куловду убактылуу бошото турууну сурануу керек деп эсептеди. Талкуунун соңунда парламент депутат Ташкул Керексизовдун сунушуна токтоду:

- Бүгүнкү мыйзамдуу парламентте убактылуу деген туура эмес. Акталсын деш керек. Эмне үчүн дегенде бул революцияда бул кишинин салымы чоң. Жанагы убактылуу же мөөнөтүнөн мурда бошотуу деген бул элдин оюна, кыргыздын салтына, турпатына туура келбейт.

Натыйжада парламент Феликс Куловду тезирээк актоону Башкы прокуратурага жана Жогорку cотко сунуштады. Бул токтомго 63 депутат добуш берди.

Буга чейин Куловдун иши боюнча журналисттердин суроолоруна берген жообунда премьер-министр Курманбек Бакиев төмөнкүдөй пикирин билдирди:

- Бул маселе жеке мен тарабынан эле эмес, мыйзам чыгаруу, сот бийликтери тарабынан каралышы керек. Анткени ал сот тарабынан соттолгон. Ошондуктан бул маселени мен жалгыз чече албайм.

Куловдун ишин кароону Жогорку cотко жаңы парламенттен мурдараак Мыйзам чыгаруу жыйыны сунуштагандыгы кабарланган. Бирок Өмүрбек Текебаевдин билдиргенине караганда, мыйзам жоболору жетишсиз болгондуктан, сунуш каралбай калган. Ал эми мындан эки күн мурун Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Ишенбай Кадырбеков Куловго байланышкан бул сунушту Мыйзам чыгаруу жыйыны Жогорку соттон кайтарып алганын, ага Феликс Куловдун жаңы парламентте сүйлөгөн сөзү кедерги болгонун билдирген.

Феликс Кулов жаңы парламенттин легитимдүүлүгүн жактап сүйлөгөн сөзүндө кош палаталуу парламенттин мындан ары иштөөгө юридикалык укугу жогун, депутаттар буга байланыштуу элди көчөгө чыгарган шартта, мыйзам боюнча камакка алынышарын билдирген.

Муну Феликс Кулов кырдаалдын курч экенин саясатчыларга жеткире түшүндүрүү үчүн салыштырмалуу айтылган сөз деген. Бирок бул маселе парламентте Феликс Кулов менен депутат, башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун пикир келишпестигин жараткан. Ушундан улам айрым саясатчылар Кулов саясий катачылыктарга жол берип жатат дешүүдө.

Байкоочулардын бир даары болсо Феликс Кулов президенттин милдетин аткарып жаткан Курманбек Бакиевге теңата саясатчы болгону үчүн президенттик шайлоонун алдында анын сот ишин кароо кечеңдетилиши ыктымал деп болжошот. Бирок Феликс Кулов президенттикке барар-барбасын ачык айта элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG