Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Кыргыз-тажик чегарасындагы кошумча тосмолор алынып салынды


БАТКЕН. Кыргызстандагы соңку кырдаалга байланыштуу 20-марттан тарта Тажикстан менен Өзбекстандын Баткен облусу менен чектешкен айматарындагы чегара бекеттеринде күчөтүлгөн тартип киргизилип кошумча мобилдик посттор коюлган эле. Мындай аракет облус борборуна келүү үчүн аталган өкүлдөрдүн коңшулаш райондорун аралап өтүүгө аргасыз болгон чектеш аймактардагы калктын ары-бери каттоосун кыйындатып, нааразычылыктарды туудура баштаган. Абалды калыбына кетирүү үчүн тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп, шаршемби күндөн тарта кошумча коюлган тосмолор алынды. Учурда ушул эле маселе боюнча өзбек тарап менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу маалымат облустук акимчиликтен 30-мартта алынды.

XS
SM
MD
LG