Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Жалалабатта айрымдар Акаев менен сүйлөшүү жүргүзүүгө каршы


ЖАЛАЛАБАТ. Өлкөдөгү соңку кырдаал талкууланган жыйында облустагы коомдук уюмдар менен адам укугун коргоочулар Аскар Акаевдин отставкасы боюнча сүйлөшүүлөр менен жолугушууга каршы экендиктерин билдиришти. Аскар Акаевге эл алдындагы антын унутуп, кыйын кырдаалда өлкөнү таштап кеткен, кызмат абалынан пайдалануу менен өлкөдө үй-бүлөлүк, кландык террор уюштурган жана бийликти ээлеп алган деген айыптоолор коюлду. Убактылуу өкмөт менен президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмурбек Текебаевге жана депутаттарга жолдонгон кайрылууда Жогорку Кеңеш тарабынан Аскар Акаевге импичмент жарыялоо жана экс-президент наамын жокко чыгарып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек деген талаптар коюлду.

XS
SM
MD
LG