Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Кыргызстанга Украина менен Грузиянын тышкы иштер министрлери келет


Кыргызстанга Украина менен Грузиянын тышкы иштер министрлери келет

БИШКЕК. 31-мартта Кыргызстанга иш сапары менен Украинанын тышкы иштер министри Борис Тарасюк келет. Бул жөнүндө Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Министрликтин маалыматы боюнча 30-мартта Борис Тарасюк Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Роза Отунбаева менен телефон аркылуу сүйлөштү. Маалыматтарга караганда Украинанын тышкы иштер министринин Кыргызстанга болгон иш-сапары учурунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстанда түзүлгөн кырдаалдан чыгуу маселелери да талкууланат. 31-мартта Кыргызстанга Грузиянын тышкы иштер министри Саломе Зурабишвилинин да келиши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG