Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында нааразылык акциясы өттү


БИШКЕК. 30-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанына жыйырмага чамалаш адам “Орусия менен Кыргызстандын достугу Акаев менен эмес”, “Акаев Путиндин артына жашынба!” деп жазылган плакаттарды көтөрүп, нааразылык билдирип чыгышты. Алар Орусиянын кабарчыларын президент Аскар Акаев тууралуу маалымат берүүдө обьективдүү болуусун талап кылышты. Акаевге эмне үчүн түз эфирге чыгууга мүмкүнчүлүк бергенин сындашты. Элчиликтин атын атабоону өтүнгөн кызматкери Аскар Акаевдин күнөөсү болсо эртеби-кечпи Кыргызстандын мыйзамы алдында жооп берерин, ал Орусияда гуманитардык макам менен жүргөнүн, атайын саясий башпаанек сурап кайрыла электигин билдирди.

XS
SM
MD
LG