Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Ж.Сурабалдиевдин парламентте ант берүүсүнө айрым депутаттар каршы чыгышты


БИШКЕК. 30-мартта жаңы Жогорку Кеңештин отурумуна 69 депутаттын элүү төртү катышты. Төрага Өмүрбек Текебаев ант бере элек депутаттар Жыргалбек Сурабалдиевдин жана Давран Сабировдун ант берүүсүн сунуштады. Айрым депутаттар 24-мартта Алатоо аянтында тынч митинг өткөргөн адамдарга каршы Жыргалбек Сурабалдиевдин уюштуруусундагы балдар кол салып, таш бараңга алган, деп айыпташып парламентте анын ант берүүсүнө нааразылыктарын билдиришти. Депутат Болот Шерниязовдун пикири:

- Сурабалдиев эгер ант берсе мындай парламентке катышпайм. Анын ишин алгач сот, прокуратура текшерип чыгыш керек. Бул кишинин кылганын уккан жок белек, көргөн жок белек. Ошол таш жеген адамдардын арасында мен дагы бар болчумун. Эми бүгүн келип депутатмын деп креслого отуруп калат.

Ал эми депутат Камчыбек Жолдошбаев Сурабалдиевдин күнөөсүн сот аныктаарын, ага чейин парламентте ант берүүсүн сунуштады. Кызуу талаш-тартыштан кийин депутат Жыргалбек Сурабалдиев парламентте ант берди. Андан соң №48 Достук округунан депутаттыкка шайланган Давран Сабиров да ант берди.

Депутаттар парламенттеги абал калыбына келгенче Жыргалбек Сурабалдиевди бир жумага денсоолугун чыңдап келүүгө улуксат беришти.

XS
SM
MD
LG