Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:38

Европа комиссиясы Пол Волфовицтин пландарына алымсынганын билдирди


30-мартта Брюсселде АКШнын коргоо министринин орун басары, Дүйнөлүк банктын төрагалыгына талапкер Волфовиц шаркеттин азыркы төрагасы, Люксембургдун премьер-министри Жан-Клод Юнкер жана башка ырасмий адамдар менен жолугушту. Еврокомиссиянын атын атабаган өкүлү ырастагандай, комиссар Олли Рен Волфовицтин эркин соода, жакырчылыкты кыскартуу жана өнүгүү саясаты боюнча көз караштары канааттандыраарлык деп айтты. Волфовиц анын талапкерлиги карама-каршылыкты жаратканын жакшы түшүнөөрүн айтты:

- Элдер мени жакшырак тааный баштаганда, мен Банктын миссиясына ишенген адам экенимди түшүнүшөт. Андай болбосо, бул сунушту кабыл албайт болчумун.

31-мартта анын кандидатурасы добушка коюлат. Волфовиц төрагалыкка АКШ президенти Жорж Буш тарабынан көргөзүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG