Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:57

ТОНОЛГОН БИШКЕК. АСКАР АКАЕВДИ САТЫП КЕТИШТИ


Учурда Кыргызстандын гезиттери өлкөдөгү кырдаалга, бийликтин алмашканы жана кадр саясатынын жүргүзүлүп жатканына көп көңүл бурууда. “Аалам” гезитинде бийликтин башында тургандар өлкөнү кандай жетектейт деген суроонун айланасында макала орун алган. Ал эми “Республика” гезити Аскар Акаевдин 29-мартта “Эхо Москвы” үналгысына берген интервьюсуна өз пикирин билдирди.

Өлкөдөгү массалык маалымат каражаттары Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды талкуулоону улантышууда.

Эми бийлик кимдин колуна өттү? Бул тууралуу макалага 29-мартта жарыкка чыккан “Аалам”гезити орун берди. Анда “бардыгы бийлик колуна өттү деп жатышат, бирок чынында андай эмес. Эл бийликти кошомат айткандарды сүйгөн, эки жүздүүлөрдү, пара бергендерди сүйгөн Акаевдин колунан бийликти жулуп алып экинчи бир бийликти эңсеген Курманбек Бакиевдин тобуна берди”, деп жазды макаланын автору Чолпонбек Абыкеев. Автордун айтуусунда, бийлик эч качан элдин колунда болгон эмес, болбойт дагы. Бийлик башына келген топ кандай иштейт? Муну мезгил көрсөтөт, деп макаласын жыйынтыктады.

“Агым” гезити өзүнүн шейшемби күнкү санында Бакиев кантип бул орунга келип калганын эл анчейин түшүнө элек, аны бул кызматка ким, качан, кантип дайындаганы бүдөмүк эле, деп жазат. Ошондой эле макалада Курманбек Бакиевдин кадр саясатын жүргүзүшү жана парламенттин кайсынысы мыйзамдуу экени тууралуу сөз болду.

Ал эми “Аргументы и факты ” гезити Кыргызстандагы ыңкылап жөнүндө жазып, аны Кремлде тынч кабыл алганын маалымдап, төңкөрүштүн негизги себебин Кыргызстандын кедейлиги деп билдирген. Ошондой эле гезит кезекте Түркмөнстан менен Белорусиябы деген суроонун айланасында анализ жүргүздү.

“Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова 29-мартта Аскар Акаевдин “Эхо Москвы” үналгысынан сүйлөгөнүн талдоого алды. Автордун айтымында, Аскар Акаевдин “мен азыр Кыргызстандын жалгыз жана мыйзамдуу президентимин” деп билдиргени туура эмес, анткени кээ бир үчүнчү күчтөр эми Акаевди кайра бийликке алып келебиз деп, өлкөнү тоноп, башаламандыкты уланта бермекчи деп жазды. Гезиттин ушул эле санында Феликс Куловдун, Азимбек Бекназаровдун жана Роза Отунбаеванын өлкөдөгү азыркы кырдаал тууралуу пикирлери жана саясый билдирүүлөрү жарыяланды.

Аскар Акаев бийликти берген эмес, аны өзүн сатып кетишти! Ушундай билдирүүнү Бишкектин мурунку мэри, учурда Москва шаарынын мэриясында иштеп жаткан Борис Силаев “Вечерний Бишкек” гезитине берген интервьюсунда билдирген.

Ал эми «Заман Кыргызстан» газетасы 1-апрелде чыга турган санында өлкөдөгү азыркы саясий абал, Жогорку Кеңештин жаңы депутаттарынын сессиясынан репортаж, саясатчы Адахан Мадумаров менен учурдагы өлкөдөгү кырдаал туурасындагы маекти жарыялады. Андан сырткары 24-март күнү кечинде болгон талап-тоноолор туурасында жабыр тарткан ишкерлер жана соода түйүндөрүнүн арендаторлору менен болгон суроо-жоопторго орун берди. Бурул Борбуеванын «Кыргызстанды экиге бөлүүнү каалагандарга айта турган сөз» деп аталган материалы чыккан. Анда автор «Ыңкылаптан кийин туура бир жума өттү. Бирок анын тегерегиндеги "анализ" жакында бүтчүдөй эмес” деп жазат.

Ал эми «Тонолгон Бишкек качан калыбына келет?» деген материалда талап –тоноодон болжол менен канча зыян келгени, андан сырткары республикага келе турган инвестицияларга болгон терс таасири туурасында айтылат. «Бир күндүк ыңкылап кыла коем деп Бишкек шаары 107 объектиден кол жууп, 900 млн. сом материалдык чыгым тарткан жана эң өкүнүчтүүсү жумушсуздардын армиясын дагы 50 миң киши менен толуктаган.

Эксперттердин айтуусунда өлкөбүздүн экономикасы кеминде 10 жылга артка кетти. Быйыл мамлекетибиздин ар түрдүү тармагына тартыла турган 80 млн. долларлык чет өлкөлүк инвестиция келээри эми күмөн. Андан сырткары Кыргызстандын экономикасына аздыр-көптүр салымын кошуп жаткан ишкерлер чемодандарын салыштырып, биротоло кетип жатканы өкүндүрбөй койбойт. Революциядан эмне таптык жана Бишкек шаарындагы ири соода борборлорундагы талап-тоноолор канча экономикалык чыгашаларды алып келгенине саресеп салып көрүүнү туура таптык» дейт да каракчылыкка кабылган бир топ соода борборлору менен дүкөндөрдүн абалына токтолуп, эксперттердин пикирин келтирген автор Бурул Борбуева.
XS
SM
MD
LG