Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Экинчи чечен согушунан бери орусиялык 3 419 аскер көз жумган


Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Орусияда президент Владимир Путиндин бийликке келиши менен башталган экинчи чечен согушунан бери же 1999-жылдан тарта 3419 орусиялык аскер курман болгон. Министрликтин маалыматында 29 жоокер азырынча “белгисиз жоголгон” деп айтылып келатат.

Ал эми “Аскер энелери” деп аталган уюмдун төрайымы Валентина Мельникова “чынында экинчи чечен согушунан бери каза тапкан аскерлердин саны 14 миңге жеткен болушу мүмкүн” деди. Бирок аталган уюм жалаң эле Коргоо министрлигинин эмес Ички иштер министрлигинин жана башка күч структураларынын да аскерлерин эсептегенин билдирди.

Жалпысынан Чеченстанда орусиялык 80 миң аскер бар. Алардын ичинде 30 миңи Коргоо министрлиги тарабынан, ал эми 50 миңи Ички иштер министрлиги жана Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан жиберилген. Коргоо министрлигинин кабарында айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын 3 айы ичинде чечен жеринде 28 орусиялык аскер курман болду.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Төрөкул Дооров даярдады.

XS
SM
MD
LG