Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

ЫҢКЫЛАПТАН КИЙИН: КИМДЕР КЕТИП, КИМДЕР КЕЛДИ?


Бийликтин алмашуусу ушу тапта кыргыз басылмаларында кызуу талкууга алынып аткан кези. Тынч жыйынга келген элди козутуп, талаш чыгарып, аягы Акүйдү басып алуу менен бүткөн 24-марттагы күндүзү жана түнү болгон окуялар талдоого алынууда. Көтөрүлгөн эл эмнеге жетти?

«Акаев кетти, бирок анын иши улантылып жатабы?» деп суроо коёт жума күнкү «Агым» гезити. Бийликти алган менен андан ажырагандардын мунасага келер түрү жок, «эң жакын кишилерин таштай салып качып» кеткен А.Акаев баш калканч тапкан жеринде да жөн жатпай, чыныгы президент өзү экенин улам-улам айтуудан тажай элек. Бирок да ал адилетсиз өткөн парламенттик шайлоо, мурундарынан жетелеп келип эки баласын депутаттыкка өткөрүп койгону тууралуу сөз жок.

15 жыл ичинде коом абыдан өзгөрдү, эл карамүртөс болуп алды, депутаттык орундун ачык эле сатылышы калктын ыймандык планкасын төмөн түшүрүп жиберди. Акчага сатылганды эрен-төрөн көрбөгөндөр көбөйдү, дейт М.Кабылбеков. Кырдаал дагыле кылоосунан жанбай, курч бойдон турат, убактылуу өкмөт аны дагыле байкай элек.

Эл толкуп, түштүктө бийлик алмашып атканда кыргыз киночулар бирлигинин төрагасы Таалайбек Бапанов эл жазуучусу Ч.Айтматовго кайрылганын, бирок да эл алдында эмне деп айтам деп Кыргызстанга келүүгө макул болбогонун ушул эле гезитте жарыяланган маегинде бышыктаган.

«Чыгалбай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле» дегендей тынч жыйын уюштурган оппозиция апыл-тапыл бийликке ээ болорун күткөн эмес, дейт жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде жарыяланган маегинде белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков.

«Алар бийликти сестентебиз деп келип алып, такыр эле жүрөгүн түшүрүп, туш-тушка качырып жиберишти. Ошентип же революция эмес же төңкөрүш эмес, жөнсүз хаоско учурап калдык. Анткеним, революция деп саясий түзүлүштү өзгөртүүнү айтат, төңкөрүш деп атайын даярдалган куралдуу күч менен бийликти кулатканды айтат. Бизде болсо качып кеткендердин бош орунуна келип отуруп калган бийлик болду», деген пикирде И.Абдуразаков.

Баары эле А.Акаев режимин кулаткандар, жеңүүчүлөр, жеңилгендер көрүнбөйт, деп суроо коёт жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде Мирлан Дүйшөнбаев. А.Акаевдин бийлиги эки саатка жетпей кулады, анын эл ичинде таянычы калбай калган экен, деп белгилейт макала автору. Эми болсо А.Акаевди жандагандар аны жамандап, күнөстүү орун издеп жүрүшөт. А.Акаев айланасына эч кимге ысык-суугу жок, лаборатория менен кафедралардан чыккандарды топтогон экен. А.Акаев бийликтен кеткенин ырастап арызын жазып бергенден кийин бийлик талаш шайлоо учурунда күчөйт. Ушу тапта бийликте турган оппозиция шайлоодо мөрөйүн алдырып ийиши деле ыктымал, дейт М.Дүйшөнбаев.

Бишкекте бийлик алынгандан кийин иш милдетин аткарбай койгон тартип коргоо кызматкерлеринин айынан башкалаада талап-тоноочулук башталган. Жүздөгөн адамдарга күнөө коюлууда, табылган буюмдар миңдеп саналат, бирок бир да күбө жок, деп жазат бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити.

Кызматын таштап качып кеткен А.Акаевдин эрикпес эрмеги маалымдоо каражаттарына байма-бай маек куруусу болуп калды, деп жазат жума күнкү «МСН» гезитинде Рина Приживойт. Басылманын жаңы санында Вячеслав Тимирбаевдин вице-премьер-министр Данияр Үсөнов менен маегине да орун берилген.

Бишкекте 24-марттын түнүндө талоончулук кылгандардын айрымдары кармалып, тартылып алынган буюмдар кайтарылууда, деп маалымдайт гезит.

Дегеле өзүнө айыпты жуутпаган таарынчак президент А.Акаевдин кийинки маектеринен улам ал дагыле өзүнүн кандай абалда экенин түшүнө албаптыр, деп жазат Рина Приживойт.

Президент элин таштап качканына калкы нааразы экенин жума күнкү «Аалам» гезити да жазып чыкты. Басылманын ырасташынча, ыңкылапты ишке ашырыш оңой, бийликти кармап калуу кыйын.
XS
SM
MD
LG