Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:01

Аскар Акаев Нурбек Турдугуловдун президент болушун каалайт


БИШКЕК. Алдыдагы президенттик шайлоодо бийликтен четтетилген президент Аскар Акаев жаш ишкер, баласы Айдар менен өнөктөшүп иштеп келген, «Бител» мобилдик телефон тармагынын ээси Нурбек Турдукуловдун талапкердигин колдойт. Мындай маалыматты британиялык «Гардиан» гезитине шилтеме берип, «АКИпресс» агенттиги таратты. Турдукулов мындан бир күн мурда президенттикке талапкердигин коерун билдирген. Мындан тышкары президенттикке барарын азыркы өкмөт башчы Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахам Мадумаров, экс-министр, «Акыйкат» саясий кыймылынын төрагасы Темирбек Акматалиев билдиришти. Феликс Кулов шайлоого баруу же барбоого байланышкан пикирин салмактап туруп, кийинчерээк айтат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG