Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:44

Бейөкмөт уюмдар Аскар Акаев менен сүйлөшүүнү жактабайт


БИШКЕК. 23 бейөкмөт уюм 31-мартта премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевге кайрылуу жолдоду. Алар жогорку бийлик өкүлдөрүнөн өлкөгө кыйын мезгилде өз элин таштап качып кеткен мамлекет башчы Аскар Акаев менен эч кандай сүйлөшүүгө барбоонү өтүнүштү. Ошондой эле кайрылуу ээлери жакынкы күндөрү Аскар Акаевге каршы импичмент көтөрүп, аны кызматтан кетирүү боюнча атайын комиссия түзүү демилгесин көтөрүштү. Кайрылуу өкүлдөрүнүн пикиринде, адегенде Аскар Акаевдин өлкөдөгү эң ири коррупциялык иштерге катышы бардыгын жана анын Кыргызстандан качып кетүүсүн иликтеп андан соң гана сүйлөшүүгө баруу керек. Мындай кайрылууга «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюму, «Интербилим» борбору, «Адам укугу жана мыйзамдуулук» бюросу жана башка баш аягы 23 бейөкмөт уюму кол койгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG