Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:01

Аскар Акаевден бийликти өткөрүп алуу боюнча аракеттер башталды


БИШКЕК. Кыргызстандын азыркы өкмөтү кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевдин коопсуздугун кепилдеп берсе, мамлекеттик бийликти мыйзамдуу өткөрүп алуу Кыргызстандын чегинде өтөт, кепилдик берилбеген шартта комиссиянын салабаттуу өкүлдөрү Аскар Акаев турган жерге барышы керек болот. Мындай билдирүүнү Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев 31-мартта ЕККУнун төрагасы Димитрий Рупель менен жолугушууда жасады. Анын айтымында, Аскар Акаев менен бийлик алмашууларга байланышкан сүйлөшүүлөр башталды. Эгер тоскоолдуктар болбосо, эки жума аралыгында бийликти өткөрүп алуу иш чарасы аяктайт. Текебаев ушул эле күнү экс-премьер министр Николай Танаев жана экс-вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев менен жолугушту. Жолугушуу боюнча маалымат таратылган жок. Бир күн мурун бийликти мыйзам чегинде өткөрүп алуу боюнча парламент жана мурдагы өкмөт бештен кишиден турган эки комиссия түзгөн. Азыркы өкмөт өзү тараптан өкүлдөрүн сунуштайт элек. Бийликти өткөрүп алуу боюнча жалпы комиссиянын курамы 17 кишиден туруп, аны Өмүрбек Текебаев жетектейт. Бул тууралуу төрага ушул эле күнү маалымдады.

XS
SM
MD
LG