Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

ЕККУ төрагасы Кыргызстандын жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугушту


БИШКЕК. Кыргызстанга иш сапары менен келген ЕККУнун төрагасы Димитрий Рупель 31-мартта өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен жолугушту. Анда өлкөдөгү соңку саясий кырдаал талкууланды. Курманбек Бакиев Кыргызстан ЕККУ менен буга чейин адам укуктары, демократиялык кайра куруулар жана экономикалык реформаларды жүргүзүү боюнча түзүлгөн келишимдерди аткара тургандыгын эскертти. Ал эми ЕККУ жетекчиси Кыргызстанда өткөрүлө турган президенттик шайлоону өткөрүүгө көмөктөшөм деп убада берди. Ушул эле күнкү маалымат жыйынында Рупел Аскар Акаев менен сүйлөшүү демилгесин колдой тургандыгын жана Аскар Акаев бийликти мыйзамдуу түрдө өткөрүп бериш керек деген оюн билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG