Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

ИРАКТАГЫ АЗЫК-ТҮЛҮК КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРЫ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын Адам укуктары боюнча комитетинин Женева шаарында өтүп жаткан сессиясында 30-март күнү Ирактагы абал тууралуу да маалымат таратылды. Доклад жасаган комиссар Жан Зиглердин айтымында, ачкачылыкка дуушар болгон балдардын саны өлкөдө бир жарым жылдын ичинде дээрлик эки эсеге өстү. Кээ бир эксперттер болсо мындай маалыматтын тактыгынан күмөн саноодо.

Жан Зиглер Бириккен Улуттардын Тамактануу укугу боюнча комиссары жана 30-март күнү ал Женевада өтүп жаткан сессияда жетиштүү тамакка жете албаган адамдардын абалы боюнча доклад жасады. Анын айтымында, абал азыр Түндүк Корея, Судан, Палестина, Зимбабве, Индия, Бурма, Филиппин, Румыния жана Иракта начар.

Түндүк Корея менен Судан сыяктуу мамлекеттердеги абал тууралуу эксперттер мурда деле кабардар болчу, бирок Ирак диктатору Саддам Хусейн бийликтен кулатылгандан кийин өлкөдөгү абал жакшыргандын ордуна тескерисинче, начарлаганы коомчулукту бир кыйла таң калтырды. Зиглердин айтымында, Хусейн кызматтан кулатылаар алдында, 2003-жылдын апрелинде Иракта жетиштүү тамакка жетпеген беш жаштан кичүү балдардын саны 4 пайыз болсо, 2004-жылдын аягында алардын саны дээрлик эки эсеге өсүп, 7,7 пайызга жеткен.

Аны уккан эксперттер дароо бул маалымат кайдан чыкканы жана анын негизинде кандай изилдөөлөр жатканы тууралуу кызыга баштады. Бириккен Улуттардын Өнүгүү программасынын Йорданиядагы өкүлү Фрэнсис Киннондун айтымында, толук доклад келерки бир нече аптанын ичинде жарыяланат:

- Ирактагы жашоо шарттары боюнча өткөрүлгөн толук сурамжылоону өлкөнүн Пландоо жана өнүгүү министрлиги Бириккен Улуттардын Өнүгүү программасы менен бирдикте өткөргөн жана анын жыйынтыктары апрелдин аягында же май айынын башында алгач Амман шаарында, андан соң Багдадда жарыяланат.

Кээ бир эксперттердин айтымында, Женевада жарыяланган сан толук отчеттогу маалыматтардан айырмаланышы мүмкүн, ошондуктан азырынча жыйынтык чыгаруу эрте. Андан тышкары, алар - бүткүл Ирак боюнча өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгыбы же өлкөнүн кайсы бир аймагындагы абалды гана чагылдырабы - ал тууралуу да так айтылбайт.

Анткен менен былтыр жарыкка чыккан кээ бир маалыматтар Ирактагы абал опурталдуу экенин көрсөтөт. Мисал үчүн Бириккен Улуттардын Азык-түлүк боюнча фонду былтыр октябрда тараткан маалыматка караганда, Ирак элинин алты жарым миллиону, же өлкө калкынын 25 пайызы, бийлик тараптан бөлүштүрүлгөн азык-түлүккө көз каранды болчу жана беш жаштан кичүү балдардын 27 пайызы жетиштүү деңгээлде тамактанчу эмес.

Ал маалыматтарды негизге алып, Бириккен Улуттар Иракта былтыр күзүндө атайын программа баштаган жана анын алкагында калкка бир жылдын ичинде 60 миллион доллар жардам көрсөтүлүүгө тийиш. Кошумча тамак ала турган адамдардын катарына 220 миң жаш бала, бир миллион 700 миң өспүрүм жана 350 миң боюнда бар аял кошулган.

Андан бери бир нече ай убакыт өттү жана абал бир кыйла чындап эле жакшырганы мүмкүн, бирок диктаторлук деп саналган Саддам Хусейндин бийлиги кулатылгандан бир жарым жыл өткөндөн кийин дагы өлкөдө азык-түлүк маселеси чечилбей жатканы экперттерди бушайманга салууда. Саддамдын учурунда тамак-аш атайын дүкөндөрдө карточка менен таратылып келсе, 2004-жылдын аяганда деле абал дээрлик ошол бойдон калганы кимди болбосун тынчсыздандырбай койбойт жана Женевадагы жыйында айтылган сын кандайдыр бир ченемде Саддам кулатылгандан кийин Иракты башкарган америкалык администрацияга дагы каршы багытталгандай болду. Бирок сессияга катышкан АКШ өкүлдөрү ал сынга эч жооп берген жок.

XS
SM
MD
LG