Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

АРМЕНИЯ ОППОЗИЦИЯСЫ БАТЫШТАН ЖАРДАМ ИЗДӨӨДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Грузия, Украина жана Кыргызстанда элдик толкундоолордун натыйжасында акыркы бир жарым жылдын ичинде удаасы менен үч жибек революциясы ишке ашырылгандан кийин, бардык саясат таануучулар эмки окуя кайда болот деген маселе менен алек. Борбор Азиянын ичинде Казакстан аталса, Кавказдагы элдик толкундоо Арменияда болушу мүмкүн деген пикирлер көп. Кандай болгондо дагы армян оппозициясы азыр өз аракеттерин күчөтүүдө.

2003-жылдын аягында Грузияда "роза революциясы" ишке ашып, Эдуард Шеварднадзе бийликтен кулатылгандан кийин, кошуна Арменияда дагы 2004-жылдын башында толкундоолор башталган. Бирок президент Роберт Кочарян ал аракеттерди күч менен басып, оппозицияны талкалап салган. Анткен менен кийин, жылдын аягында Украинадагы бийликке оппозиция келип, андан соң эч күтүлбөгөн жерден кыргыз президенти Аскар Акаев дагы эл тарабынан бийликтен четтетилгенден кийин, өлкөдөгү бийликти алмаштыруу маселесин Армения оппозициясы жаңы күч менен көтөрө баштады. Кошуна Азербайжанды алда канча күчтүү авторитардык режим бийлегендиктен, эксперттердин пикиринде, эгер Кавказда элдик революция болсо, ал Арменияда чыгат.

Армян оппозициясы көтөргөн маселелердин негизгилери - Кыргызстандагыдай эле Армения дагы табигый байлыктарга ээ эмес өлкө жана бийлик элди жакырчылыктан чыгара албай жатат. Экинчиден, Тоолуу Карабак маселесин чечүү багытында эч жылыш көрүнбөйт. Андан тышкары, 2003-жылы өлкөдө өткөрүлгөн президенттик шайлоо учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар болгону үчүн президент Роберт Кочарян эмгиче күнөөлөнүүдө жана оппозиция бийликти "мыйзамсыз" деп атайт. Ага кошумча, былтыр жазында болгон оппозициялык аракеттер күч менен басылганы дагы эл арасында унутула элек.

Ошондуктан март айынын башында Европа Биримдиги тарабынан Кавказ өлкөлөрү боюнча чыгарылган жаңы отчеттор армян оппозициясы тарабынан катуу сынга алынууда. Отчеттордо - Биримдикке кирген мамлекеттердин кошуна өлкөлөрү менен боло турган кызматташуунун принциптери камтылган, бирок, оппозициянын айтымында, Арменияга арналган отчетто өлкөдөгү адам укуктарынын абалы жана демократиялык реформалар тууралуу жалпы сөздөр гана айтылат жана армян бийлигине эч кандай милдеттүү талаптар коюлбайт. Андай катуу талаптар болмоюнча, бийликти эл тууралуу ойлонтууга түртүү кыйын.

Европа Комиссиясынын өкүлү Франсуа Ле Бэйлдин айтымында болсо отчет жөн гана кызматташуу планын камтыйт жана анын жогорку саясий максаты жок:

- Бул чаралар - коңшулук саясаттын алкагындагы чаралар, Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн чыгыш тараптагы кошуна мамлектетери менен жана Жер ортолук деңизге чыккан өлкөлөр менен биз атайын саясат жүргүзүүдөбүз жана ал тууралуу атайын кызматташуу пландары дагы түзүлөт, - дейт Франсуа Ле Бэйл. Кавказ жумурияттары менен андай кызматташуу пландары үстүбүздөгү жылдын аягына чейин иштелип чыгууга тийиш.

Армян оппозициясынын пикиринде болсо, Батыш өлкөлөрү жана уюмдары эң биринчи кезекте Армения жетекчилигине басым жасап, демократиялык реформаларды алдыга жылдырууга тийиш, өкмөт менен жөн гана кызматташа берсе, анын өз элинин кызыкчылыгына каршы багытталган саясатына колдоо көрсөтүлгөн сыяктуу.

Оппозициянын айтымында, бул өңүттөн алганда, Батыш Европа өлкөлөрүнө караганда АКШ алда канча туура саясат жүргүзүүдө. Көз карандысыз эксперттердин пикиринде болсо, Вашингтон армян оппозициясын ачык колдосо, президент Кочаряндын өкмөтү ага жооп катары Орусия менен болгон байланыштарын күчөтүп, Батыштын таасиринен чыгап да кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG