Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:49

Ирактагы жардыруулардан 7 адам набыт болду


Иракта бейшемби күнү жанкечтилер эки машинени жардырып жиберишти, андан 7 адам набыт болду. Өлгөндөрдүн ичинде бешөөсү ирактык аскерлер, ал эми экөөсү жергиликтүү тургундар. Ошол эле күнү өлкөнүн ар кайсыл жерлериндеги атышуулардан америкалык үч аскер көз жумду. Шийилердин ыйык шаары Кербалада ушул күндөрү диний майрам белгиленип жатат. Ал жерде коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Зыяратка келгендердин саны үч миллиондон ашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG