Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Судандын Дарфур провинциясындагы кыргын үчүн жооптуулар Эл аралык соткө берилет


Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши кечээ күнү атайын резолюция кабыл алып, Судандын Дарфур провинциясындагы кыргын үчүн жооптуу аскерий кылмышкерлерди Гаага шаарындагы Эл аралык кылмыш соту соттош керек деп чечти. Андай чечим үчүн Кеңешке мүчө 15 мамлекеттин он бири добуш берди, төрт мамлекет болсо, алардын ичинде АКШ дагы калыс калды. Америкалык элчи Анне Паттерсондун айтымында, Вашингтон ал кылмышкерлерди актабайт, бирок соттун өзүнө каршы:

- Рим протоколуна кошулбаган мамлекеттердин жарандарын, алардын ичинде өкмөт өкүлдөрүн дагы бул Эл аралык кылмыш соту соттой алат деген негизги эрежеге Вашингтон мурдагыдай эле каршы, анткени андай эреже мамлекеттин эгемендүүлүк идеясынын маңызына сокку урат.

Жаңы түзүлгөн Эл аралык кылмыш сотуна Бириккен Улуттар алгачкы жолу кайрылууда.

XS
SM
MD
LG