Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Иракта шаар полициясынын башчысы атып өлтүрүлдү


Бүгүн Ирактын Балад Руз деген шаарынын полиция башчысы полковник Хатем Рашид Мохамад атып өлтүрүлдү. Мохамад жана анын жардамчысына полиция түйүнүндө буктурма уюштурулуп, кол салынган. Кийин шаарда дагы бир полициячы окко учту. Балад Руз шаары Багдад калаасынан 50 чакырым алыстыкта жайгашат. Өлкөнүн түндүгүндөгү Киркук шаарында болсо бүгүн бомба жарылып, үч карапайым адам набыт кетип, дагы сегиз киши жараат алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG