Линктер

бейшемби, 23-март, 2017 Бишкек убактысы 22:59

Пхеньяндын айтымында, АКШ Түндүк Кореядан кечирим сураш керек


Түндүк Кореянын Бириккен Улуттардагы өкүлүнүн орун басары Хан Соң-йол бүгүн билдиргенге караганда, алты тараптуу эл аралык сүйлөшүүгө өлкө кайрадан катышышы үчүн, АКШ андан кечирим сураш керек. Американын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс январда бул өлкөнү - дүйнөдөгү зомбулуктун алдыңкы чеги деп атаган. Райс айым кийин - Түндүк Кореяны эгемендүү мамлекет катары АКШ сыйлаганы тууралуу билдирди, бирок мурда айткан сөздөрү үчүн кечирим суроодон баш тартты. Эки Корея, АКШ, Жапания, Кытай жана Орусия катышкан алты тараптуу сүйлөшүү - Түндүк Кореянын өзөктүк программаларынан чыккан маселелерди талкуулайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG