Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

КУЛОВ АКТАЛАР-АКТАЛБАСЫ АРСАР


Жогорку Кеңештин Феликс Куловду актоо тууралуу сунушун башкы прокуратура 1-апрелде карап, аны Жогорку cотко жолдоду. Бул аралыкта «саясий туткун» саналган Феликс Кулов түрмөгө кайра кайтып барабы же акталабы деген маселе саясий чөйрөдө кызуу талкууга алынууда. Айрым байкоочулар азыркы бийлик Куловдун боштондугун каалабай жатат деп жоромолдошуп, аны алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырууда.

24-мартта түрмөдөн юридикалык негиздемелерсиз чукул бошотулган Феликс Кулов күч бийлигин координациялоону токтотоору менен, анын сот ишине байланышкан маселе алдыга чыкты. Жогорку Кеңеш Феликс Куловду актоо сунушу менен Башкы прокуратурага, Жогорку Сотко кайрылган. Ишти кайрадан териштирүүнү суранган арызды 28-мартта Башкы прокуратурага Куловдун адвокаты Любовь Иванова жолдогон. Бир күн мурун Кыргызстандагы расмий жолугушууларда ЕККУ төрагасы Димитрий Рупел да Куловдун мындан аркы тагдырына кызыкты.

Ал эми 1-апрелде Феликс Куловду Башкы прокрордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров кабыл алды. Бул жолугушуунун соңунан Бекназаров аталган арыздардын негизинде Куловдун ишин Жогорку Сотко жиберди. Бул тууралуу Бекназаров ушул эле күнү «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирди. Анда белгиленгенге караганда, Башкы прокуратура Жогорку Сотко Куловдун ишин кароодо эл аралык нормаларды эске алууну сунуштады. Башкы прокуратура белгилеген бул жагдай Куловду актоого негиз болуп бере алабы, бул маселе ачык бойдон турат.

Бул аралыкта түрмөдөн Куловдун башын ажыратуунун ар кыл жолдору талкууга алынып жатат. Маселен, башкы прокурордун милдетин аткаруучу, депутат Азимбек Бекназаров Куловду бошотуунун саясий гана жолу барын белгилеген:

- Эми жаңы ачылган жагдай боюнча деп бир нерсе таап чыгып, ошонун негизинде караш керек. Бүгүнкү күндө мен жаңы ачылган жагдай боюнча кылмыш-процессуалдык кодексте эч нерсени көрө албай жатам. Андай документтер жок. Мен ошон үчүн айтып атам, Куловдун өзүнө да Жогорку Кеңеште айттым, мыйзам талаасында иштесек, анда сиз «отурушуңуз» керек, биз саясий чечимдер менен барышыбыз керек болчу. Революция болгондон кийин бир гана саясий чечимдер аркылуу ишти бүтүрүшүбүз керек эле.

Бирок, Феликс Кулов өзү да, президенттин милдетин аткарып жаткан премьер министр Курманбек Бакиев да саясатчыга байланышкан кылмыш иши мыйзам чегинде чечилиши керек деген көз карашта болуп жатат. Мындай пикирин Бакиев 30 мартта түз эфирде билдирген:

- Менимче, бул сот органдарынын милдети. Сот органдары тиешелүү мыйзамдардын чегинде карап чыгышы керек. Мен президенттин милдетин аткарып жаткан премьер министр катары бул ишке эч кандай тоскоолдук жасабайм, киришпейм.

Кулов болсо өзүнө каршы кылмыш ишин жасалма деп эсептегендиктен, ал өзүнүн биротоло акталышын каалайт. Ошондуктан, ага саясий чечимдин да, мамлекет башчы тарабынан мунапыстын да зарылдыгы жок. Куловдун мындай кадамын көпчүлүк саясатчылар анын президенттик шайлоого баруу дымагы катары баалап жатышат. Ага жараша Куловду актоону атайын жаңы өкмөт создуктуруп жатат деген дооматтар айтылууда. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев ЕККУ төрагасы Рупел менен Бишкекте жолугушуусунда белгиледи.

Текебаевдин оюнда Феликс Кулов Акаевдин бийлигинин кулашына символ болуп калды. Анын айтымында, бийлик Куловду «саясий туткун» катары эл аралык уюмдар буга чейин эле тааныганын эске алып туруп, акыркы жагдайлар боюнча ишти кайра карап актоосу шарт эле. Текебаев атаандаштыктан чочулоо мындайда элдин нааразылыгы курчушу ыктымал деп болжойт :

- Феликс Шаршенбаевичтин акталбай, узакка кармалып турушу көптөгөн адамдардын кыжырына тийип атат. Бул Кыргызстандагы демстабилдештирүүчү дагы бир себеп болуп калышы мүмкүн. Биз ага жол бербешибиз керек. Биз өлкөнү тынчытышыбыз керек.

Ушуга жакын көз караштагы саясатчылар март ыңкылабынан кийин Феликс Куловдун рейтингинин кескин өсүп кеткенине бийлик ич күйдүлүк кылып атат деп эсептешүүдө. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Жантөрө Сатыбалдиев Куловго бийлик кастарын тиксе, ал анын абийириндеги иш дейт:

- Куловдун мыйзамды сактоо, Конституцияны сыйлоо боюнча айткан сөздөрү, элге кайрылуусу анын рейтингин 5 күн ичинде кескин көтөрдү.

Бакиев баштаган жаңы бийлик Куловдун түрмөдөн бошонуп, акталышына атайын бут тосуп атат деген пикирлерди жактабагандар да аз болгон жери жок. Маселен, ноокаттык фермер Мухтар Бостонбаев эки лидерди бирдей сыйлайт, бирок, Бакиевдин Куловго атайылап бут тосооруна ишенбейт:

- Бакиев мындай акмакчылыкка барбаса керек. Бакиев буга барбайт.

Талаш-тартыш жаралып жатканы менен Кулов президенттик шайлоого барар-коерун айта элек. Бирок, саясатчы акталбай калган шартта, мыйзам боюнча ал түрмөгө кайтып баруу зарылдыгы пайда болот. Бул тууралуу мыйзамга таянган Кулов буга чейин бир нече ирет билдирген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG