Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

Абхазияда президентке кол салуу болду


Эл аралык коомчулук тарабынан көз карандысыздыгы таанылбаган Абхазия республикасында президент Александр Анквабга кол салуу болду. Ал машинеде кетип бараткан жеринен, белгисиз адамдар анын машинесине ок чыгарышкан. Президент өзү андан жапа тарткан жок. Бир адам жарадар болгону айтылууда. Кол салуу Сухумиде болду. Кызыктуусу – февралда да Анквабдын машинесине ушундай эле маанайда кол салуу дал ушул Сухумиде болгон. Район азыр жабылган, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Төрөкул Дооров даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG