Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

А.Акаев мөөнөтүнөн мурда отставкага кетүү каалоосун билдирди


Кыргызстанда кызматтан четтетилген президент Аскар Акаев кечээ кечинде биздин радиого түз эфирде интервью берди. Өз сөзүндө Аскар Акаев Кыргызстанда парламент алдында өлкөнүн президенти катарында кызматтан кетүүнү каалай турганын айтты.

Акаев кызматтан кетиши үчүн эки талап аткарылышы керектигин билдирди: “биринчиси, менин жана үй-бүлөмдүн коопсуздугу кепилдениши керек, экинчиси, процесс Кыргыз конституциясынын жана мыйзамынын чегинде өтүшү зарыл” деди.

- Мен азыркы жетекчиликке жардам берейин деп жатам. Мен Кыргызстанга келип, парламент алдында сөз сүйлөп, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү чечимимди жарыялагым келет, - деди Аскар Акаев.

Ошол эле учурда, Кыргызстанда президенттин милдетин аткарып жаткан Курманбек Бакиев Аскар Акаевдин ушул тапта өлкөгө келишин каалабай турганын билдирген. Аскар Акаев азыр Орусияда. Ал 24-мартта Кыргызстанда демонстранттар Өкмөт үйүн ээлеп алышканда өлкөдөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG