Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:49

МУНАЙ БААСЫ ЭЛАРАЛЫК БАЗАРДА ДАГЫ КӨТӨРҮЛДҮ


Нарын АЙЫП, Прага Мунайдын баасы өсүп, доллардын наркы узактан бери төмөнкү деңгээлде болгону дүйнөдөгү көптөгөн карапайым адамдарды гана эмес, экономика боюнча экперттерди дагы тынчсыздандырууда. 1-апрелде Нью-Йорк шаарындагы биржа жабылганда болсо, сатыктагы мунайдын баасы жаңы рекорд коюп, бир баррел 57 долларга сатылды.

Нью-Йорк биржасында 1-апрелде болгон сатыкта бир баррел мунайдын баасы 57 доллар 70 центке чейин чыкты, бирок кийин - күндүн аягында 57 доллар 27 цент баасына түштү. Ири компаниялардын ишкердүүлүгүн чагылдырган "Доу-Жонс" көрсөткүчү бир пайызга, ал эми жогорку технологиялар деңгээлин көрсөткөн "Насдак" көрсөткүчү 0,7 пайызга төмөн түштү. Эксперттердин айтымында, мунайдын наркынын көтөрүлгөнүнө - 31-марта "Голдман-Сакс" деген изилдөө тобу тарабынан жарыяланган маалымат түрткү болуп кетти. Анын адистеринин айтымында, жакын арада бир баррел мунайдын наркы 100 доллардан дагы ашып кетиши мүмкүн.

Акыркы бир аптанын ичиндеги өзгөрүүлөрдү алганда, "Доу-Жонс" 0,4 пайызга, ал эми "Насдак" 0,3 пайызга төмөн түштү, алтындын баасы дагы бир кыйла ылдыйлады, бирок доллардын наркы дээрлик мурдагы калыбында калып, бир евро - бир доллар 29 центке сатылып, бейшемби күндөгүгө караганда анча-мынча көтөрүлдү. Анткен менен жалпысынан алганда доллардын наркы акыркы жылдарда бир топ төмөн түштү жана ал тууралуу көптөгөн эксперт тынчсызданууда.

"Ройтерс" агенттигинин адистеринин айтымында, АКШда март айынын ичинде 110 миң гана жаңы жумуш орду ачылды, эскперттер мурда баамдагандан ал эки эсеге аз, акыркы сегиз айдын ичинде бул эң төмөн көрсөткүч. Ошондуктан Американын Борборук банкы эми ишканалар менен жарандарга берилген насыялардын сүтүн көбөйтүүгө мажбур.

Жалпысынан алганда болсо АКШ экономикасы эксперттердин улам өскөн тынчсыздануусун жаратууда жана эга эки негизги нерсе себеп болууда - өлкөнүн тышкы карызы эбегейсиз өстү, ал эми бюджеттин тартыштыгы быйыл 427 миллиард долларга жетип, бир жылдык дүң өндүрүштүн жети пайызын түзөт. Андай тартыштыкты азайтуу үчүн америкалык экономикага күн сайын беш миллиард доллар каражат тартылууга тийиш, эксперттер болсо андан бир топ күмөн санайт.

Дагы бир орчундуу нерсе, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери өз улуттук казыналарында ири өлчөмдө америкалык долларды сактайт жана эгер кайсы бир мезгилде ал доллар корлорун эл аралык базарга бир убакта чыгарып, же АКШ өкмөтүнө өткөрүп берип, сатып алууну талап кылса, америкалык экономика кыйрандыга учурашы мүмкүн. Чет мамлекеттерде мурда деле америкалык доллар көп топтолгон, бирок мурда долларга болгон ишеним күчтүү болчу, азыр болсо анын наркы улам төмөндөп баратканда, кандай болбосун окуяны күтсө болот. Бирок, албетте, андай окуя эгер болсо, ал таза экономикалык эмес, саясий аракет болмокчу.

АКШнын карапайым тургундары болсо доллар менен байланыштуу кризисти көп деле сезбейт, анткени өлкө ичиндеги абал анча деле өзгөргөн жок, доллардын арзандыгынан болсо экспорт иштерин жүргүзгөн ишканалар бир топ пайда табууда. Ал эми карапайым калк, мисал үчүн, америкалык долларга байланган азиялык мамлекеттерден импорттолуп келген буюмдарды сатып алып, ал өлкөлөрдүн экономикасын колдоого алууда. Өз кезегинде болсо алар долларга байлангандыктан, даңы жаңы доллар сатып алууга кызыкдар жана абал улам татаалдашып баратат.
XS
SM
MD
LG