Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Сокулук районунун тургундары акимдин кызматына талапкерлерди көрсөтүштү


БИШКЕК. 2-апрелде Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын алдына 1000ге жакын адам чогулуп, жыйын өттү. Анын катышуучулары жогорку бийлик өкүлдөрүнөн райондун администрация жетекчилигине Мукан Айтбаевдин, Эркинбек Ашырбаевдин жана Адамкалый Чыныбаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул жөнүндө Эл биримдиги координациялык кеңешинин мүчөсү Казыбек Кубатов «Азаттыкка» билдирди:

-Миңге жакын эл чогулуп өзүбүз татыктуу деп эсептеген талапкерлерин көрсөттү. Эл президенттик администрациядан ушул талапкерлерди акимдикке дайындап берүүнү талап кылды. Ошону менен тарап кетти.

Сокулук районунун мурдагы акими Темирлан Биримкулов 24-марттагы ыңкылапка чейин жумушун өз ыктыяры менен таштаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG