Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Сүлүктү округунун шайлоочулары Бишкекте пикетте


БИШКЕК. 2-апрелде Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында Баткен облусунун № 12 Сүлүктү округунун шайлоочулары нааразылык акцияга чыгышты. Алар бул округдан парламентке депутат болуп шайланган Аскарбек Шадиев мыйзам бузуулар менен мандат алды деген пикирин билдирип, аны депутаттыктан четтетүүнү талап кылышууда. Пикетчилердин бири Абдивахап Мукунов нааразылыгын мындайча билдирди:

-Аскарбек Шадиев депутаттыка акча таратуу жана башка мыйзам бузуулар менен өттү. Биз Орунбай Ахмедовду депутат кылып шайламакпыз. Ошондуктан, бийликтен талап кылабыз: шайлоонун жыйынтыктарын кайрадан карап берип, акыйкат чечимин чыгарып беришсин.

Февраль айындагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча Аскарбек Шадиев шайлоочулардын 50 пайыздан ашуун добушуна ээ болуп, жеңип чыккан. Пикетчилердин айтымында, алар койгон талап аткарылмайынча, нааразылык акциясын улантышат. Ал эми Аскарбек Шадиев Сүлүктү окуругунда шайлоо мыйзам чегинде өткөн деп «Азаттыкка» билдирди:

- Мен парламенттик шайлоо алдында губернатор кызматынан кеткенден кийин, административдик ресурс мага каршы иштеди. Муну карапайым эл жакшы билет. Мен акча тараттымбы же жокпу – муну менин миңдеген шайлоочуларыман сураш керек. Азыр пикетте тургандар негизсиз талаптарды коюп жатышат.

XS
SM
MD
LG