Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Президенттик шайлоого Аскар Акаевдин арызы таасир этпейт


БИШКЕК. Аскар Акаевдин кызматтан кетүү тууралуу арыз жолдоор-жолдобосу 26-июнда өтүүчү президенттик шайлоого эч кандай таасир тийгизбейт. Бул тууралуу Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова 2-апрелде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келишине жаңы өкмөт коопсуздукту камсыз кылуу кепилдигин албаган соң, өкмөт жана парламент тарабынан атайын комиссия түзүлгөн. Ал делегация жакын арада Москвага барып Аскар Акаев менен жолугушуп, кызматтан кетүү арызын нотариус аркылуу күбөлөндүрүп, Жогорку Кеңешке сунуштоосу күтүлүүдө. Бул тууралуу Чолпон Баекова буларды билдирди

-Нотариусту бул жерден ала барып, четтен бирөөлөрдү киргизбестен өзүбүздүн ички ишибиз болгондон кийин, ушундай жол менен чечели деген бүтүм бүгүнкү күндө бар. Бирок иш жүзүнө ашабы же ашбайбы, мен ал тууралуу ачык жооп бере албайм.

XS
SM
MD
LG