Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Чолпон Баекова Конституцияны реформалоону сунуш кылды


БИШКЕК. 2-апрелде Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова маалымат жыйынын өткөрүп, билдирүү жасады. Баекова жакын арада Конституциялык кеңешме чогулуп, азыркы мезгилге жооп бере турган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы тууралуу маселе коюлушу мүмкүн, деп билдирди. Анын айтымында, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы бир нече ирет өзгөртүлгөндүгү, айрыкча акыркы 2003-жылы февралда жалпы элдик референдумдун негизинде өзгөртүлүшүнүн жыйынтыгы ушундай оор кырдаалга алып келгендигин билдирди. Ал ошондой эле өлкөнүн жаңы тарых барактарын коомдук жана мамлекеттик бийлик түзүлүшүн ачык, айкын, түшүнүктүү түзүү менен баштап, баш мыйзам ар бир атуулга кызмат кылууга багытталышы керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG