Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

ТАЛАСТА НААРАЗЫЧЫЛЫК АКЦИЯСЫ УЛАНЫП ЖАТАТ


Машакбай Рахманкул уулу, Талас 1-апрелдин кечинен бери Талас облустук администрациясынын имаратынын алдында №55 Бакайата шайлоо округунан алгач шайланып, бирок соттун чечими менен депутаттык мандатынан ажыраган Жусуп Иманалиевдин жактоочуларынын нааразычылык акциясы уланып жатат.

1-апрелдин түнүндө Акүйгө түнөп чыгышкан шайлоочулар 2-апрель күнү эртең менен имаратка кызматкерлерди киргизбей, милиция кызматкерлеринин талаптарына каршылык көрсөтүштү.

Акцияны №55 Бакайата шайлоо округунан депутат болуп алгач шайланып, бирок 1-апрелде соттун чечими менен мандаттан ажыраган Жусуп Иманалиевдин жактоочулары уюштуруп жатат. Алар Ж.Иманалиевдин пайдасына деп чечилген 18 шайлоо участогунун натыйжаларын жокко чыгарган соттун чечиминен улам көчөгө чыкты. Бул тууралуу Жусуп Иманалиевдин шайлоо штабынын жетекчиси Көчөркул Сатымкулов буларды айтты:

- 31-марттан баштап Равшан Жээнбековдун Бакайатанын сотуна арызы түшүп, ушул ишти карап атат. Мурунку Бакайата сотунда, Жогорку сотто каралган бул иш Иманалиев Жусуп мыйзамдуу түрдө депутат болуп, мандатын алып ишке киришип калган. Биринен бери кайра Бакайатанын соту туура эмес чечим чыгарып, элди дүрбөлөңгө салып, бүгүнкү күндө ушул акыбалга келип отурабыз.

Шайлоочу Тыныбек Кабылбек уулунун пикири мындай болду:

- Биз Бакайата сотунун чечимин жокко чыгарып беришин Жогорку бийлик кызматынан жана Жогорку соттон талап кылабыз.

Эмгек арадагери Бүбүасыл Шаршенова облустук бийлик өкүлдөрүнө төмөндөгүдөй талап койду:

- Биздин талабыбызды аткаргыла. Аткарбайсыңарбы биз эч убакта Ак үйдөн чыкпайбыз - деди ардагер мугалим Бүбүасыл Шаршенова.

XS
SM
MD
LG