Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

24-МАРТТАН КИЙИН АЙРЫМ АЙРМАКТАРГА КОШ БИЙЛИК ОРНОДУ


24-мартта болгон бийлик алмашуудан кийин айрым жерлерде кош бийлик өкүм сүрө баштады. Райондук жетекчилерден тартып, айыл өкмөттөрүнө чейин мурунку жана кийинки шайланган жетекчилер бири-бирин легитимсиз деп санап, жергиликтүү жашоочулардын арасында талаш-тартыш чыгууда.

2-апрелде Сокулук райондук акимиатынын имаратынын алдында миңге чукул адам чогулган жыйын болуп өттү. Жыйындын катышуучулары жогорку бийлик өкүлдөрүнөн райондук администрациянын жетекчисин дайындап берүүсүн талап кылышты. Алар райондук администрацияга жетекчиликке талапкер катары үч кишинин атын аташууда. Бул тууралуу облустук элдик бийликтин координациялык кеңешинин мүчөсү Казыбек Кубатов буларды айтты:

-Сокулук районунун мурдагы акими Темирлан Биримкулов 24-марттагы ыңкылапка чейин эле кызматын өз ыктыяры менен таштап кеткен. Ошондуктан бүгүн акимчиликтин алдына чогулган эл район жетекчилигине үч адамдын: Мукан Айтбаевдин, Эркинбек Ашырбаевдин жана Адамкалый Чыныбаевдин талапкерлигин сунуш кылып, жогорку бийликтен татыктуусун дайындап берүүсүн талап кылышты.

Төңкөрүш жолу менен бийликтин алмашуусу жер-жерлерде кош бийликтин түзүлүүсүнө алып келди. Айрым жерлерде ага чейин эле жергиликтүү бийлик ээлери алмаштырылган. Алсак, Жалалабатта 15-мартта өткөн элдик курултайда облустун губернаторунун ордуна облустук элдик бийликтин координациялык кеңеши түзүлүп, анын жетекчилигине Жусуп Жээнбеков шайланган.

19-март күнү Ош шаарында болгон элдик курултайда Ош облустук элдик бийликтин координациялык кеңешинин төрагалыгына «Атажурт» кыймылынын мүчөсү Анвар Артыков шайланды. Ага удаа эле Баткен облусунун координациялык кеңешинин жетекчилигине Бакир Имаров элдик курултайдын негизинде келди.

Ал эми убактылуу өкмөттүн башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин 26-марттагы жарлыгы менен Ысыккөл облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп мурунку депутат Ишенбай Молдоташев жана Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп Тургунбек Кулмурзаев дайындалган.

20-марттан тарта облустук элдик бийликтин координациялык кеңештери тарабынан Ош жана Жалалабат шаардык бийликтери, айрым райондордун акимдери жана башка бир нече мекемелердин жетекчилери алмаштырылган. Жалалабат облустук элдик бийликтин координациялык кеңешинин жетекчисинин орун басары Жусупбек Бакиев муну төмөнкүчө түшүндүрдү:

-Бизге каршы иштегендерди жана шайлоо кодексин бузуп, губернатордун, өкмөттүн жана президенттин саясаты менен шайлоону бийликтин кысымы алдында акыйкатсыз өткөргөн адамдарды биз колдой албайбыз. Бүгүнкү күндө да элдин кызыкчылыгын эмес, Акаевдин кызыкчылыгын көздөгөн жетекчилер менен да биз иштеше албайбыз. Алар эң биринчиден мыйзам бузгандыгы үчүн кетип атышат.

24-мартта жалпы бийлик алмашуусу болгондон кийин жетекчилердин алмаштырылуусу кеңири масштабга чыгып кетти. Нарын облусунда Кочкор районунун, ал эми Ысыккөл облусунда Ысыккөл районунун акимдери алмашылган. Ал эми Талас облусунда бул жагдайдан алып караганда кырдаал тынч. Ош жана Жалалабат облустарында бир нече райондордун акимдери алмашылды. Буга удаа ошол эле аймактардын айрым айыл өкмөттөрүндө да эл жетекчилерин алмаштырууга аракет кыла баштады. Алсак, Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн жашоочулары өздөрүнүн мурунку жетекчисинин иштегенине нааразылык билдирип, башка бирөөнү шайлап алышкан. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн тургуну Бактыкан Алыбаеванын пикири:

-Президент башка болду, Жалалабат, Ош, Бишкекти алдык. Эми биз дагы айыл өкмөтүбүздүн башчысын башка кылып шайлайлы деп келдик. Мурунку айыл өкмөтүбүздүн жетекчиси он-он беш жылдан бери иштеп келди. Ошондуктан башка - өзүбүз каалаган, эл үчүн иштеп бере турган кишини шайлап алалы дегенбиз. Кудайга шүгүр, шайлап алдык.

Ал эми айыл өкмөтүнүн башчысы Жолболду Маманов азыркы убактылуу өкмөттүн башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин жетекчилерди өз алдынча дайындоо жана шайлоону токтотуу тууралуу чыгарган жарлыгына жараша бул мыйзамсыз экендигин билдирди.

Бул кырдаал тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев 31-март күнү Улуттук теле аркылуу түз эфирде чыгып сүйлөгөн мезгилде өз оюн төмөнкүдөй билдирген:

-Элден качкан акимдер, губернаторлор кайра кызматына келбейт. Ошол жердеги курултайда шайланган жетекчилер, губернаторлорду мен бекитип берем. Бирок ошол жаңы шайланган аким, губернаторлор өз укугунан аша чаппашы керек. Алар мындан ары өздөрү каалагандай кызмат бөлүштүрүүгө кирише алышпайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG