Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

АСКАР АКАЕВ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮЛӨР МОСКВАДА БАШТАЛДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кызматынан четтетилген Аскар Акаев президенттик кызматынан кеткендиги жөнүндөгү арызына бүгүн Москвада кол койот. Москвага Жогорку Кеңештин беш депутаттан турган атайын комиссиясы бүгүн таңда Москвага сүйлөшүү жүргүзүүгө учуп барган. Азыр ушул мүнөттөрдө бул депутаттык атайын комиссия менен Аскар Акаевдин жолугушуусу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратында өтүп жатат.

Жогорку Кеңештин спикери Өмүрбек Текебаев баштаган атайын комиссия менен Аскар Акаев ортосунда сүйлөшүүлөр Бишкек убактысы боюнча саат 17де башталды. Москвага депутаттык комиссия менен кошо мурдагы биринчи вице- премьер жана экс-министр Кубанычбек Жумалиев да учуп барган. Түшкө чейин депутаттар Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде болушуп, Аскар Акаев тараптан жооп күтүштү. Аңгыча сүйлөшүү Москва убактысы боюнча саат 15те башталаары дайын болду.
Ушул мүнөттөрдө сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратында жүрүп жатат. Аскар Акаев ал жерге Москва убактысы боюнча саат 15те белгиленген убакытка кечикпей келди. Кызматынан четтетилген президент алгач спикер Өмүрбек Текебаев менен жабык эшик артында жекеме - жеке сүйлөштү. Андан кийин депутаттык комиссия менен сүйлөшүп, президент катары акыркы сөзүн айтаары жана мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткендиги жөнүндө арызына кол койору күтүлүүдө.
Аскар Акаевдин отставкасы жөнүндөгү арызы дароо нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт. Анүчүн Бишкектен тиешелүү нотариалдык кызматкерлер мөөрү менен кошо барышты. Сүйлөшүүгө барган депутаттык комиссиянын курамында Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Кадыржан Батыров, Жантөрө Сатыбалдиев жана Ташкул Керексизов бар.
XS
SM
MD
LG