Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:04

Аскар Акаев – КР кызматтан четтетилген президенти маек.

- Аскар Акаевич, саламатсызбы? Кыргызстанда болуп өткөн окуяларды жеке өзүңүз кандай баалар элеңиз? Революциябы бул же путчбу?

- Кыскача айтсам, бул эч кандай революцияга таандыгы жок. Бул накта эле путч болду. Себеби бул өзү демократиялык жол эмес, конституцияны одоно бузуу менен, күч колдонуп, адегенде өкмөттү, анан бийликти басып алган эле путч болду.

- Аскар Акаевич, ушул окуялардын башкы себеби эмнеде деп ойлойсуз? Эмне үчүн Кыргызстан дүйнөгө демократиялык жактан жаңыдан өнүгүп, реформалардын алдында бараткандай таанылып келатып эле капыстан ушундай окуялар болуп кетти? Мунун негизги факторлорун сиз эмнеден көрөт элеңиз?

- Биринчиден, биз шайлоо жөнүндө айтпасак болбойт. Быйылкы
Жогорку Кеңешке болгон шайлоо ачык-айкын, адилеттүү өттү.
Бардык эл аралык байкоочулар жакшы баа берип, шайлоонун жыйынтыктарына шек келтире турган чоң мыйзам бузуулар болгон жок деген чечимдерин чыгарышып, ошонун ичинде ОБСЕнин миссиясы дагы шайлоонун лигитимдүү аяктагандыгын белгилешкен эле. Бирок аз-маз кемчиликтер жөнүндө да айтышкан. Эми кемчиликсиз шайлоо болбойт экен. Бирок ошол кемчиликтер шайлоонун жалпы жыйынтыгына эч кандай шек келтире алган жок деп баа беришкен. Бир нече округда шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон талапкерлер жоопкерсиздик аракет жасашып, туугандарын, колдоочуларын алып чыгып, анан ошол округдук комиссиялардын мүчөлөрүн барымтага алышып, коркутуп-үркүтүп, өздөрүнүн пайдасына чечим чыгартууга аракет жасашты. Мына ошентип,бир топ жерде кичине кырдаал курчуду. Менимче, радикалдуу оппозиция ушундан пайдаланып, жанагы күчтөргө, жаштарга акча төлөп,аларды арака тойгузу,көчөгө алып чыгып, колдоруна союл берип, мамлекеттик мекемелерди басып алышып, мыйзам чегинде иш жүргүзүп аткан мамлекеттик кызматкерлерди четтетип, өздөрүнүн бийлигин орното башташты. Эң негизги - Бишкектеги 24-мартта болгон окуяда бир топ региондордон алынып келинген жумушсуз жигиттер болду, араларында түрмөдөн чыккандар, наркомандар да болду. Ошолор өкмөт үйүн штурмга алышып, күч менен бийликти басып алууга жетишти. Мен ойлойм, мунун демократиялык революция менен эч кандай шайкештиги жок. Бул кадимки эле күч менен, Конституцияны одоно бузуу менен бийликти алуу болуп калды. Менимче, Кыргызстанда, өзүң туура айткандай, накта демократиялык жол менен өсүп-өнүгүүгө зор аракеттерди жасадык. Кыргызстан Борбордук Азиядагы “демократиянын аралчасы” деп аталдык эле. Жалпы дүйнөдө Кыргызстандын имиджи, автортети да акыркы жылдарда өтө бийик деңгээлге жетти эле. Бул оппозициянын демократияга шайкеш келбеген тескери иши республиканын, кыргыз калкынын имиджин өтөтөмөн түшүрдү деп ойлойм. Негизинен радикалдуу оппозициянын кандай гана жол менен болсо дагы бийликке жетүү максатынан келип чыкты. Көпчүлүгү шайлоо, демократиялык жол менен парламентке өтпөй калгандан кийин Конституцияга сыйышпаган жол менен аракеттенип,ошо максатын ишке ашырышты. Буга чет элдик күчтөр бир топ көмөкчү болуп, эл аралык революциялык интернационал, эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар финансылап, колдоп, үйрөтүп, окутуп жардам берип кетишти.


- Аскар Акаевич, азыр дүйнөлүк маалымат каражаттарында, анын ичинде Кыргызстандагы саясий чөйрөдө сиздин ырасмий отставкаңыз жөнүндө көп айтылып жатат. Бул маселе кандайча жана качан чечилет деп ойлойсуз? Кандай жолдору бар?

- Мен Кыргыз Республикасында он төрт жыл президент болдум. Республикадагы демократиялык өзгөрүштөргө, экономикадагы рынок реформаларына күчүмдү жумшадым. Кыргызстан өсүп өнүксө экен, Кыргызстанда накта демократия орносо экен, Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүп-өнүгүп, элдин турмушу жакшырса экен деген аракетимди жасадым. Мен бүгүн бийликке эч кандай тырмышканым жок.Балким уккандырсыздар, мен 2001-жылы ушул мөөнөткө шайлангандан кийин эле жарыялагам: бул менин президенттик акыркы мөөнөтүм, 2005-жылы шайлоого катышпайм, демократиялык, конституциялык жол менен жалпы элибиз шайлаган жаңы президентке эстафетаны өткөрүп берип кетем деп айткам. Мындан бир ай мурун парламенттик шайлоонун убагында добуш бергени барсам, мага суроо беришкен: бүгүнкү күндө бул маселеге оюңуз кандай?- деп. Мен айткам: Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршымын, Конституцияны көздүн каргенидей сакташыбыз керек, шайлоого катышпайм дегем. Ошондуктан бийликке эч кандай тырмышкан жокмун. Азыркы бийликке жардам берейин деп атам. Өзүң жакшы айттың Кыргызстан демократиялык имиджи бар эле деп. Мен дагы келип жардам берип, Конституциялык нукка, жолго өтсө деген максат менен айттым.Мен даярмын, келип парламенттин алдында сөзүмдү сүйлөп,элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчун алдыдагы президенттик шайлоо укуктун, Конституциянын негизинде легитимдүү өтсүн деген максат менен мөөнөтүнөн мурда отставкага чыгуу боюнча өзүмдүн чечимимди жарыялап, жардам берейин деп атам. Жаңы парламент кечээ карап, спикер Өмүрбек Текебаевди баш кылып комиссия түзүптүр.Текебаевди мен терең сыйлайм. Ал демократиялык оппозициянын лидери, радикалдуу оппозициядан айрымаланып,ал ушуну туура көрүп атса керек деп ойлойм. Бирок бийлик, өкмөт тарабы азыр каршы болуп атыптыр. Мындан бир нече күн мурун алар деле биз каршы эмеспиз, президент келип ушул жерден бизге жол ачып берсин деп атышкан болчу. Бирок кечээ Курманбек Бакиев президенттин келгени туура болбойт, келсе элибиздин ичинде ынтымак,ырашкерлик бузулат, дале коркунучтар бар деп жарыялаптыр.
Мен даярмын. Азыркы бийлик буга кызыктар болуш керек. Себеби алар келечекке конституциялык жол менен барыш керек да. Мен алар менен бийлик талашып, күрөшөйүн деген оюм, максатым жок. Конституцияга жараша элибиз, республиканын келечеги, кызыкчылыгы үчүн парламенттин алдында өзүмдүн сөзүмдү сүйлөп, мыйзамга ылайык мөөнөтүмдөн мурда полномочиемди өткөрүп берейин деген оюм бар болчу. Башка ой жок менде.


- Аскар Акаевич,азыркы маселеге байланыштуу бир суроо: Кыргызстанда ырасмий түрдө бийликти тапшырыш үчүн сиз кандай кепилдиктерди каалайт элеңиз?

- Мен мыйзамдан чыккан талап койгон жокмун. Биринчиден, мен өлкөдөн кеткен себебим - менин, үй-бүлөмдүн өмүрүнө коркунуч туудурган окуялар болду. Ошондуктан мага өзүбүздүн өлкөдөн убактылуу тышка чыгып кетүүгө туура келди. Менин биринчи талабым катары мага, менин үй-бүлөмө коопсуздук гарантиясын берсеңер деп атам. Экинчи маселе - президенттин кызматын гарантиялаган мыйзам бар. Ошол мыйзамдын сакталышын, мыйзамдын иштешин камсыз кылып беришин кааладым. Мен андан башка кошумча эч кандай талап койгон жокмун. Жогорку Кеңеш президент жөнүндө атайын мыйзам кабыл алган,Конституцияда жазылган. Ошол мыйзамдын демилгечиси бүгүнкү күндөгү парламенттин спикери Өмүрбек Текебаев өзү болчу. Ушу эки талапты аткарсаңар, мен келейин да Конституциялык жол ачып берейин деп жатам. Мен эч кандай ашык кеткен талап койгон жокмун.

- Ал эми,маселен,финансылык кепилдик,анан парламентке депутат болгон кызыңыз, уулуңуздун кепилдиги жөнүндө да сөз болобу? Буга кандай карайсыз?

- Бул жөнүндө көп сөз болду эле. Мен айтпадымбы, 2001-жылы ушул мөөнөткө шайланганда эле мен он жыл иштедим, дагы беш жыл иштесем, он беш жыл болот экен,ошондуктан ушул акыркы мөөнөтүм, мындан ашык иштегенге болбойт, жаңырып туруш керек, 2005-жылкы шайлоого барбайм,бийликти жаңы президентке өткөрүп берем деп ачык-айкын жарыялагам.Андан кийин да бир топ жолу айткам. Ошондуктан балдарым атабыз саясаттан кетип аткандан кийин атабыздын жолун улантып, атабыз жүргүзгөн саясатты, демократияны, реформаларды келечекте алдыга жылдырыш үчүн кол-кабыш кылалы,жардам берели деп шайлоого катышып, элдин ишеничине ээ болушуп,депутаттыкка шайланшыы. Сөзсүз, өз өлкөсүндө президенттин балдарынын деле укугу, каалоосу, тандоосу болуш керек. Алар ушундай саясатты тандашты. Мен бул жерден эч кандай одоночулукту көрбөйм. Ушул жөнүндө көп сөз кылып жатышат. Балдарымдын ата-мекенине, өз элине барып кызмат кылайын деген эле ою. Андан башка алардын ою жок.

- Аскар Акаевич, биздин журналисттерди дагы бир суроо кызыктырып атыптыр. Маселен, жакында “Эхо Москвы” радиосуна берген интервьюңузда Борбор Азиялык лидерлер мамлекеттик бийликти, Конституциялык түзүлүштү керек болсо күч менен коргошу керек деген пикирди айткан экенсиз. Аскар Акаевич азыр да ушундай позицияда калды бекен?- деп сурашат.

- Грузия, Украинада болгон окуяларды бархат революциясы деп атышат. Булар демократиялык революцияларга окшошуп кетет. Себеби ал жердеги митингдер тынччылык менен өттү, ал жерде өкмөт үйүн, парламентти эч ким басып алган жок, магазиндерди, соода түйүндөрүн талкалап тоногон жок. Мындай бандитизм, вандализм болгон жок. Алар батышта, бардык жерде демократиялык революция катары таанылып, баа алып калышты. Ал эми Бишкекте болгон окуя - эч кандай революция эмес. Бул Конституцияны одоно бузуп, бийликти күч менен алган путч, мятеж десек болот. Бул эч кандай демократияга окшобойт. Ошондуктан мен ушул окуядан кийин демократияны да коргош керек деп айтып атам.Бандиттерди чогултуп алып эле бийликти ала берсе, ал жакышылыкка алып келбейт. Мен ошону айткамын деморатияны да коргош керек экен дегенде. Мен ойлого, демократия өзүн өзү коргойт болуш керек деп. Бирок демократия күчтүү эмес экен, өзүн өзү коргой албайт экен. Биздеги демократия жаш демократия. Менин бир чоң каталыгым - мен өзгөчө социалдык, экономикалык маселелерге көбүрөөк көңүл буруп, укук коргоо органдарына көп көңүл бурбаптырмын. Ошондуктан бийлик начар болуп калды. Эл деле көп айтышпадыбы, эмне үчүн Кыргызстанда бийлик тез урады деп? Анын себеби бийликтин алсыздыгы. Тартипти сактаганга бийлик күчтүү болуш үчүн укук коргоо органдары күчтүү болуш керек экен. Анан ушундай бандитизм, вандализмге жол бербеш керек экен. Бишкек майда, чакан бизнес аркылуу дүркүрөп өсүп өнүгүп келатпады беле! Кандай супермаркеттер, жүздөгөн, ондогон кызмат көрсөтүүчү үйлөр пайда боло баштады эле. Ошонун баары бир күндө талкаланып, тонолуп калбадыбы. Өзгөчө чет өлкөлүк бизнестин баары качты Бишкектен. Эми кайра бизнес,инвестицияларын алып келиш чоң маселе. Ошондуктан экономикалык жактан, менимче, Кыргызстан бир топ жылдарга артка чегинип кетет го деп ойлойм. Социалдык-экономикалык абалды өзгөртүү абдан кыйын нерсе. Бизде чыныдыгында жакшы эле жетишкендиктер болгон. Мен бир эле мисалды айтайын. Мындан үч жума мурун Париждеги кредиторлор чогулуп, шериктеш мамлекеттердин ичинен бир гана Кыргызстандага тышкы карыздардын 60 пайызын кечишкен болчу. Себеби Кыргызстанда экономикалык реформалар үзүрлүү, жемиштүү болду, бүгүнкү күндө Кыргызстанда экономикалык стабилдүүлүк байкалып турат,анан эң негизи- Кыргызстан бардык өсүп- өнүккөн мамлекеттердин ичинде акыркы беш жылда кедейчиликти кыскартуу жагынан эң жакшы көрсөткүчтү көрсөтүп, чет өлкөлүк ресурстарды социалдык маселелерди чечкенге, кедейчиликти кыскартууга эффективдүү пайдаланды дешти. Ошондуктан жанагындай карыздын 60 пайызын кечти.Шериктеш мамлекеттердин бири да буга жакындай алган жок. Ошондуктан акыбал акыркы жалдарда жакшы эле болуп, элдин турмушу оңолуп калган. Эми өлкөбүз бир топ эле артка чегинип калды. Демократияга Кыргызстандын бир эле жолу бар. Нефть, газ жок, адам ресурстары гана бар. Адам ресурсу демократиянын, мыйзамдуулуктун негизинде өсүп- өнүгүп, жемишин бере алат. Ушул окуялар демократиялык имиджге чоң терс таасирин тийгизди.
Ошондуктан өз өлкөм үчүн жардам кылып, тезирээк барып кризистен чыгып кетиши үчүн Конституциялык жол ачып берейин дегеним. Себеби жаңы президентти Конституция жолу менен шайлап албасак, бир жылдан кийин ушул жаңы оппозицияга деле оппозиция жаралат да, анан келип айтат, силер Конституцияны бузуп келбедиңер беле бийликке деп, алар төңкөрүш уюштурат. Ошондуктан республиканын, элдин келечеги үчүн, Кыргызстан туруктуу өсүп өнүксө, стабилдүүлүк болсо деген ой менен жардам гана бергим келип атат.Башка эч талап коюп,күрөшөйүн дегеним жок. Мен реалистмин. Оппозиция да бийлик жүргүзсүн. Бирок Конституциянын, мыйзамдуулуктун негизинде, мыйзамдан чыкпайжүргүзсүн дегеним.


- Эми акырында,Аскар Акаевич,кыргыздар өткөнгө салабат дешет,анын сыңарындай учурунда “Азаттык” радиосу сиздин адресиңизге анча-мынча кеп-сөз айтып жүрдү эле, сиз да биздин радиодон, жаңылбасам,биринчи мерте минтип түз ободо маек куруп отурасыз.Эми болор иш болуп,боесу канган соң мындан аркысы жакшы болсун дейли. Жалпы баарыбызга – кыргыз элине,анын ичинде сизге да жакшылыктар буйрусун!

- Туура. Ошондуктан мен ыраазычылыгымды айтам. Эсенбай Нурушевич, өзүңүз менен маектеш болгонума мен кубанып турам. Себеби өзүңүздү мен жакшы билем, терең сыйлап урматтачумун.

Аңгемеңиз үчүн чоң ырахмат,Аскар Акаевич! Аман болуңуз!
XS
SM
MD
LG