Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

Жалалабаддыктар айлыгын өз убагында албай жатат


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук Каржы башкармалыгынан 2-апрелде алынган маалыматка караганда биринчи кварталда бюджеттин киреше бөлүгү 66, 7 пайызга аткарылды.
Жергиликтүү казына салыктары толбогондуктан облустун бир нече райондорундагы айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерине 5, 8 миллион сомдук үч айдан берки маяналары төлөнгөн жок. Алардын катарында жергиликтүү бийликтердин жана райондук кеңештердин да кызматкерлери бар. Республикалык казынадан каржылануучу билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин адистерине төлөнүүчү 49, 5 миллион сомдук категориалдык жана теңдөөчү гранттардын, андан тышкары 169 миң 850 майып адамдар үчүн март айына каралган 17 миллион сомдук жөлөк пулдун да келиши кечеңдөөдө. Мындай маалымат облустук социалдык коргоо башкармалыгынан алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG