Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Папа Иоанн экинчи дүйнөдөн кайтты


БИШКЕК.Рим папасы Иоанн экинчи ишемби күнү дүйнөдөн кайтып, азыр Ватикан менен Италиянын бийлиги аны акыркы сапарга узатуу аракеттерин көрүп жатат. Италиянын өкмөтү үч күндүк аза күтүү жарыялады. Папа Иоанна экинчинин сөөгү жерге берилгенден кийин рим-католик чиркөөсүнүн 117 кардиналы Сикстин капеллесине чогулуп, анын мураскерин шайлоо болот. Адистердин айтымында, ал бир нече күндөн бир нече айга созулушу мүмкүн. Ал эми Кыргызстандагы «Азат» корпорациясынын президенти Өмүрбек Абдрахманов Иоанн экинчинин ар кандай диндер ортосундагы ынтымакты бекемдөө аракети дүйнөдөгү адамдарды гумандуулукка чакырганы тарыхта калаарын билдирди. Экс-депутат Бегиш Аматов болсо Иоанн экинчинин өлүмү үчүн дүйнөдөгү бардык диндеги адамдар аза күтсө жарашаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG