Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

A.Акаевдин сурак бергиси келбейт


БИШКЕК. Кыргызстандын кызматтан четтетилген президенти Аскар Акаев 24-марттагы ыңкылап боюнча Башкы прокуратурага сурак бергиси келбейт. Мындай маалыматты ишемби күнү «Кабар» агенттиги таратты. Маалыматка караганда, Аскар Акаев маалымат каражаттарына берген интервьюсунда «азыркы бийлик баш ооруткан күнөөлөрдү мага оодара салган жатат» деп, «кандайдыр бир көрсөтмөлөрдү берүүсүнө эч кандай негиз жок» экендигин билдирди. Анын айтымында, азыркы бийлик талап-тоноолор, өрт коюулар боюнча жоопкерчиликти өздөрүнөн алып таштоого аракет кылып жатат. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров 31-мартта журналисттер менен жолугушуу маалында кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевден 24-марттагы башаламандыктар боюнча сурак алуу керектигин билдирген болчу. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын биринчи президенти жөнүндөгү мыйзам өзгөртүлүшү мүмкүн экендигин 1-апрелде билдирди. Кыргызстандын алгачкы президенти жөнүндөгү мыйзам экс-президенттин өлкөнүн саясатына аралашуусуна жол берет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG