Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:59

Акаев дагы бир жолу элге кайрылды


БИШКЕК. Кыргызстандын кызматтан четтетилген президенти Аскар Акаев 2-апрелде өлкө элине дагы бир жолу кайрылуу жолдоду. Анда өкмөт үйүнөн Акаевдин жашыруун архиви табылды деген маалыматтар боюнча тынчсыздануусун билдирип, аны «Кыргызстандын президентинин ишмердигине кепилдик» деген мыйзамды одоно бузган кылмыш деп баалады. Акаев өзүнүн мынчалык тынчсыздануусуна азыркы бийликтин өкүлдөрүнүн жалган жалаа, коркутуу жана башка ыплас ыкмалар менен атын каралап жаткандыгы түрткү бергендигин билдирди. Президенттин иш бөлмөсүнө кирүү, сейфин ачып, жеке иш кагаздарына тийүү Конституция менен мыйзамдарды бузуу деп, мындай аракеттер өзүнүн дарегине болбогон иштерди кошуп жазуу менен коштолгондугуна кабатыр экендигин жарыя кылды. Жалпы өлкө элине кайрылган Аскар Акаев эл менен бирге болгондугун жана мындан ары да бирге экендигин эскертти. Ал эми вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова Акаевдин тынчсыздануусуна коррупцияга малынган иштери ачыкка чыгат деп корккону башкы себеп деп белгилеп, аны эл өзү электеп алаарын жана анын тынчсыздануусунун дарегин эл мыкты түшүнүп тургандыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG