Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Ыңкылапты мамлекеттик комиссия иликтейт


БИШКЕК.24-марттагы ыңкылаптан кийин түзүлгөн кырдаалды иликтеп, коомдун мындан аркы ынтымагын бекемдөөгө багытталган иш-чараларды даярдоо үчүн мамлекеттик атайын комиссия түзүлөт. Ага негиз берген буйрукка президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев кол койгондугун 3-апрелде президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди. Буйрукка ылайык комиссия курамына мамлекеттик бийликтин, Жогорку Кеңештин,саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын бештен өкүлү кирет. Президенттин милдетин аткаруучунун дагы бир буйругу менен жазгы айдап себүү иштерин жөнгө салуу боюнча эки жумушчу топ түзүлдү. Ал топ жетекчилери жасалган иштер боюнча маалыматты өкмөт башчыга 15-апрелде берүүгө милдеттендирилди.

XS
SM
MD
LG