Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:53

Сот чечимдерин атайын комиссия кайра иликтейт


БИШКЕК.Кыргызстандын премьер-министри жана президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев тергөө маалында кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн кошумча териштирүү үчүн бирдиктүү тергөө-оперативдүү комиссия түзүү жөнүндөгү буйрукка кол койду. Ага ылайык, Башкы прокурордун,Ички иштер министринин,Улуттук коопсуздук кызмат төрагасынын милдетин аткаруучулар аталган органдардын кызматкерлери кирген комиссия түзүп, аны Башкы прокуратура жетекчиликке алат. Комиссия прокуратура жана тергөө органдары менен соттор мурда кабыл алып, бирок, коомдук-саясий жана эл аралык маанидеги карама-каршылыкты жараткан иштерди кайра иликтеп чыгат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG