Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

А.Акаев кызматын өткөрүү боюнча сүйлөшүүгө катышты


БИШКЕК.3-апрелде Бишкек убактысы боюнча кечки саат беште Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде кызматтан четтетилген президент Аскар Акаев менен парламенттик комиссиянын сүйлөшүүлөрү башталды. Комиссиянын курамында Жогорку Кеңештин 5 депутаты бар. Алардын бири Темир Сариевдин айтымында, Аскар Акаевдин жеке өкүлү катары сүйлөшүүнү уюштуруу үчүн Москвага экс-биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев да комиссия менен бирге барды. Жумалиев Акаевди сүйлөшүү жүргүзүлүүчү жерге алып келип, сүйлөшүүгө чейин Акаев спикер Өмүрбек Текебаев менен көзмө-көз сүйлөштү. Андан кийин парламенттик комиссия менен жолугушуп, кырдаалга баа берди. Сүйлөшүү маалында тараптар протоколго кол коюп, Акаев кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын 4-апрелде жазмак болду. Ал эми протоколдо Акаевдин арыз берүүсү, экс-президент катары укукка ээ болуусу жана Жогорку Кеңештин президенттик шайлоону жарыялоосу тууралуу жазылган. Протколго кол коюлгандан кийин тараптар журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG