Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Кворум жок палата отуруму өтпөдү


БИШКЕК. Бир палаталуу Жогорку Кеңеш кворумдун жоктугунан 4-апрелде жыйын өткөргөн жок. Жогорку Кеңештин маалымат кызаматынын кабарлоосуна караганда, палатада жети комитет уюштурулуп, алты комитет жетекчиси шайланды. Конституциялык түзүлүш комитетинин башчысы болуп Камбаралы Конгантиев, Коргонуу жана коопсуздук комитетинин башчысы Тынычбек Акматбеков, Бюджет жана финансы комитетине Ахматбек Келдибеков, Сооронбай Жээнбеков болсо айыл чарба жана экология комитетине, ал эми Бектемир Мурзубраимов социалдык саясат комитетинин башчысы болуп шайланды. Парламенттин жакынкы күндөрү өткөрүлө турган отурумунда Жогорку Кеңештин Эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар комитетинин башчысы шайланат.

XS
SM
MD
LG