Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Кыргыз, түрк ишкерлери «Пинара-Бишкек» боюнча бири-бирин айыпташты


БИШКЕК. «Пинара-Бишкек» мейманканасы түркиялык ишканадан мыйзамсыз тартып алынды. Мындай билдирүүнү дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйынында «Систем Мюхендислик» компаниясынын вице - президенти Гүрсал Ениже жасады.
Анын айтымында, мейманкана тиешелүү документтери менен кошо 25-мартта тартылып алынган. Ошондуктан, ишкана жетекчилиги «Пинара-Бишкекти» мыйзамдуу ээсине кайтаруу сунушу менен өкмөткө жана коомчулукка кайрылды. Ушул эле күнү «АКИпресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Ак кеме» жабык акционердик коомунун төрагасы Руслан Сарымсаков түрк ишкерлеринин мындай дооматын жокко чыгарып, «Пинара-Бишкек» мейманканасын эч кандай басып алуу болгон жок деп билдирди. Анын айтымында, мейманкана Жогорку Кеңештин жана Конституциялык Соттун чечиминин негизинде өз ээсине кайтарылды. Мындай пикирин мындан бир апта мурда ишин убактылуу токтотконун жарыялаган Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Ишенбай Кадырбеков да билдирген.

XS
SM
MD
LG